Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы: “Айдоочулук күбөлүк тогуз эсе арзандады”

Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы: “Айдоочулук күбөлүк тогуз эсе арзандады”

02 дек 2019, 16:08    bishkek

Өлкөдө жарандарга эң көп кызмат көрсөткөн тармак -каттоо кызматы. Күн сайын паспорт алуудан баштап, ар түрдүү документ иштеринин баары калкты тейлөө борборлорунда өтөт. Кезек күтүүнүн аягы тыйылбаган мекемелерде дайыма адамдардын зарыгып күткөнүн көрөсүң. Дайындалганына бир жыл боло элек жаңы жетекчи Алмаз Мамбетов: “Эң башкы максатым-каттоо кызматындагы кезек күтүүнү азайттуу”-дейт. Ошондой эле адамдык фактор катталбаган, бардык жагынан электрондошкон калкты тейлөө болоорун да айтып өттү.



--Алмаз Ишенбекович, адам тɵрɵлгɵндɵн баштап, орой айтканда акыркы сапарга узаганга чейин каттоо кызматынын кызматынын пайдаланат эмеспи. Каттоо тармагы абдан тактыкты, түмɵн түйшүктү жараткан тармак. Башкача айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматы ары татаал, ары оор тармак десем жаўылышпайм. Ушундай оор тармакты жетектɵɵ да жеўил эмес да. Сиз жетекчи болуп дайындалып келээриңиз менен ишти эмнеден баштадыңыз?


--Менин дайындалганыма 8 айдан ашып калды. Бул аралыкта Мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердүүлүгү менен толугу менен тааныша алдым. Аймактарга чыгып жер-жерлердеги калктын мамлекеттик кызмат алуудагы суроо-талаптарын, көйгөйлөрүн, жакын арада чечүүнү талап кылган маанилүү маселелерди аныктап чыктым. Ойлор, пландар көп, аларды ишке ашырууга убакыт керек. Ал эми азыр сиздин сурооңузга оперативдүү түрдөгү кабыл алынган чечимдерди айтып өтөйүн. Көңүлүмдү бурган биринчи жагдай-бул унааларды каттоодогу кыйынчылыктар. Бул багытта жарандарга ыңгайлүү шарттарды түзүү максатында унааларды каттоо ишканасы Бишкек шаары боюнча ишемби жекшемби күндөрү да иштей баштады. Кызматтардын алууда кошумча мүмкүнчүлүк түзүү үчүн VIP кызмат көрсөтүү бөлмөсү ачылганы турат. Жаран кызмат көрсөтүүнүн бат болуусун кааласа, акча төлөп VIP кызматын пайдалана алат. Бул кадам мыйзамсыз иштеген ортомчуларды жокко чыгарат жана жарандарга ыңгайлуу болот. Жакынкы арада калкты тейлөө борборунун принцибинде “АВТО” калкты тейлөө борборун ачууну көздөп турам. 20 гектар жер участогуна кызмат тийиштүү инфратүзүмү менен 7 гектарга жалпы аянттагы заманбап “Автодрому” менен адистештирилген АвтоКТБны (реалдуу убакыт режиминде) курууну пландаштырып жатат. Ал бизнес-процесстерди (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү), бардык маалыматтар базаларын жана маалыматтык системаларды интеграциялоону камсыздайт. Ошондой эле айдоочулук күбөлүктөрдү алуу жана автотранспорт каражаттарын каттоо үчүн зарыл болгон бардык этаптарды бир комплекстин чегинде бириктирет. Муну менен калкка кызмат көрсөтүү убактысы бир топ үнɵмдɵлɵт. Жакында калкты тейлөө борборун принциптеринин негизинде заманбап автодрому менен адистештирилген “АвтоЦОН” куруу иштери башталды. Мамлекеттик каттоо кызматы дегенде дароо эле калкты тейлөө борборлору эске түшөт эмеспи. Ошондуктан, тейлөө борборлордун иштөөсүн ɵз көзөмөлүмө алдым. Жарандарга кошумча шарттарды түзүүдө, калкты тейлөө борлолорунда өзүн-өзү тейлөө зоналарын уюштурдук. Бул биздин операторлорго кайрылбастан Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтары менен пайдаланууга мүмкүн болуп калды.


--Ачыгын айтканда Мамлекеттик каттоо кызматындагы кезек күтүүлөр боюнча арыз даттануулар аябай көп. Кезек күтүү кɵйгɵйүн чечүү боюнча иш алып барып жатасыздарбы?


--Азыркы учурда кезекти күтүү убактысын кыскартуу актуалдуу маселе болуп турат. Ушул маселени жакынкы келечекте чечүүгө максат койдук. Бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору бар. Азыркы учурда бүткүл республика боюнча 19 жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылып, иштеп жатат. Аймактарда калкты тейлөө борборлорун уюштуруу боюнча иштер мындан ары да уланат. Калкка кызмат көрсөтүүдө жаңы форматтагы тейлөө борборлору башка мамлекеттик органдарга да үлгү болуп калды. Бирок, 19 борбор бул аз, мындай борборлор ар бир райондо болушун каалайт элем. Борборлорду аймактарда ачуу боюнча пландар иштелип чыккан. Калкты тейлөө борборлорунун санын көбөйтсөк кезек да азаят.


--Кызматкерлериңиздердин билимин тарбиясын окутуу маселеси жолго коюлдубу? Кардарларга орой мамиле жасалганын көп айтып, социалдык тармактан бат-бат жазып турушат?


--Адамдык фактор бар. Бирок мындай учур болсо биздин кызматта 0312 624140 номериндеги ишеним телефону иштейт. Ушул номер аркылуу кызматкерлердин орой мамилеси жана башка көйгөлөр боюнча жарандар чалса болот. Ар бир жагдай иликтенип, көзөмөлсүз калбайт.


--Паспорт алып жаткан учурда берилген бланкалардын баары орус тилинде толтурулат. “Кыргызстандын паспортун алып жатып кыргызча жазуу жок”-деген пикирлерден арылуу үчүн аракет көрүп жатасыздарбы?


--Азыр паспорт алууда жаран өзү кагаздарды толтурбайт. Анкета толтуруу электрондук форматта жүргүзүлөт. Ооба сиз айткан маселе бар, бул жерде айтып койчу нерсе программа орус тилинде түзүлүп калган Буюрса бул маселеге сөзсүз көңүл бурулат.


--Кыргыз паспортун жасап алып пайдаланып жүргɵндɵрдүн аты эл аралык чуулгандуу иштерде көп айтылып келет. Мунун алдын алып же таптакыр болтурбай койсо болобу?


--Биз тараптан жасалма паспорт берилбейт. Бул жерде сөзсүз түрдө “мыйзамсыз берилген” жана “жасалма” деген эки түшүнүктү айырмалай билиш керек. Көпчүлүктөр массалык маалымат каражаттарынан “Кыргыз Республикасынын паспорту менен кармалды” деген жаңылык чыкса эле, Мамлекеттик каттоо тарабынан берилди деген ойдо калышат. Бирок бул андай эмес. Сөзсүз түрдө мыйзамсыз берилгенби же бир шылуундар аркылуу жасалган жасалма паспортпу аныктап чыгыш керек. Анткени, Мамлекеттик каттоо кызматы, башка өлкөдө отуруп алып, бир көз боёмочулар жасалма паспорт чыгарып жаткандыгы үчүн жооп бере албайт. Чындап эле акыркы убакытта, Кыргыз Республикасынын паспорттору моралдык жана техникалык жактан эскиргендигине байланыштуу (эске сала кетсек Кыргыз Республикасынын ички паспорту (ID-card) 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорт болгон, ал эми жалпы жарандык паспорт 2006-жылдын үлгүсүндөгү паспорт) жасоого жеңил болуп, жасалма паспорттор чыгып кеткен учурлар кездешип жатат. Андыктан бүгүнкү күнү Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жаңы муундагы биометрикалык маалыматтарды камтыган улуттук паспортторду киргизүү иши жүрүп жатат. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында турган коопсуздукту камсыз кылуу, чек арадагы кылмыштуулукка бөгөт коюу, жарандардын чек арадан өтүүдө колдонуучу документтерин бурмалоосун жокко чыгаруусу боюнча милдеттеринин аткаруудагы иштеринин негизгиси болуп саналат. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы муундагы документтерди эки баскычта ишке киргизүүдө. Биринчи баскычынын алкагында 2017-жылдын 1-майынан тартып кызмат тарабынан заманбап, сапаттуу бардык эл аралык стандарттарга шайкеш, мамлекеттик кызыкчылыктарга жооп бере турган жана аларды тыштан боло турган бардык терс таасирлерден коргоого багытталган документ киргизилди. Бул 2017-жылкы үлгүдөгү биометрикалык маалыматты камтыган электрондук паспорт - еID-карта. Жаңы eID-картага чипти киргизүү чипте анын ээси тууралуу бардык зарыл болгон жеке маалыматтарды топтоштурууга, анын эсебинен бошогон орундарга инновациялык технологияларды колдонуу менен кошумча коргоо элементтерин жайгаштырууга мүмкүндүк берди. eID-картаны киргизүү менен биз адамдык факторду жоюп, документтеги малыматты бурмалоону же жаран боюнча маалыматты жокко чыгаруу же башка жарандын маалыматы менен алмаштырууга бөгөт койдук. Бул учурда eID-картага КБМРдеги гана маллыматтар жазылат. Эгерде жаран боюнча КБМРде эч кандай маалымат болбосо ал жаранга эч кандай документ берилүүсү мүмкүн эмес. Экинчи баскычында жарандык авиациянын Эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөгө чыгууда колдонулуучу электрондук жалпы жарандык паспорттун (ePassport) ишке киргизүү.


--Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк мурункулардан эмнеси менен айрымаланат? Баасы кандай болот? Деги эле айдоочулук күбөлүктү сатып алса болот деген түшүнүктөн арылуу үчүн аракет кылып жатасыздарбы?


--Жаңы үлгүдөгү документтерди киргизүү талабы төмөнкү жагдайларлар менен шартталган. Азыркы учурдагы колдонуудагы айдоочулук күбөлүк, 2011-жылдан баштап берилип, 8 жыл аралыгында коргоо белгилери жана сапаты эч кандай өзгөрүүгө учураган эмес. Сапатын жогорулатуу жана документти жасалмалоону жокко чыгаруу талаптарына ылайык, ошону менен бирге эле тез өзгөрүүчү дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен айдоочулук күбөлүктү жаңылоо учурдун талабы. Жаңы үлгүдөгү документ, жакшыртылган дизайн менен бирге, эл аралык тажрыйбаны жана заманбап алдыңкы технологияларды эске алып, көптөгөн коргоо элементтери менен айырмаланат. Мындан тышкары, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр, замандын талабына ылайык айдоочунун өздүгүн идентификациялайт. Аталган айдоочулук күбөлүк Кыргыз Республикасындагы төртүнчү муундагы айдоочулук күбөлүк болуп эсептелет. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү киргизүү, жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча планын ишке ашырууда каралган. Жаңы айдоочулук күбөлүк он жылдык мөөнөт менен берилет.


Айдоочулук күбөлүктүн кириши анын баасынын арзандашына да алып келет. Биринчиден айдоочулук күбөлүктүн наркынын еврого болгон көз карандылыгын жокко чыгаруу менен, улуттук сом менен баалоого өткөрдүк. Белгилей кетсек, айдоочулук күбөлүктү жекелештирүү да жеке менчик компаниядан мамлекеттик мекемеге өтөт. Мурда айдоочулук күбөлүктүн баасы 12 евро болсо, ал эми азыр 100 сом болду, 9 эсе арзандатканга жетиштик. Бул албетте жарандарыбыз үчүн жеңилдик болот. Күбөлүктүн баасына да таасир этип, жеке менчик компаниянын кирешесин кошпогондо, 40-50 пайызга төмөндөйт. Мурда берилген айдоочулук күбөлүк жарамдуу мөөнөтү аяктаганча жарамдуу болуп, жаңы айдоочулук күбөлүккө алмаштыруу жарандардын өз каалоосу менен жүргүзүлөт.


--Учурда бир нече этаптан турган реформаларды жасоо алдында турасыздар? Мисалы кайсыл багытта? Санап өтсөңүз?


--Адам факторун жана кагаз ишин азайтып, интернетти, мобилдүү байланыш каражаттарын, электрондук кол тамга технологиясын колдонуу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук портал, мобилдүү тиркемелер, инфоматтар аркылуу берүү боюнча жаңы сервистерди сунуштоо боюнча алдыбызга ири максаттарды, пландарды койдук. Бул пландарды ишке ашырууга каттоо кызматынын баардык мүмкүнчүлүктөрү бар жана бул багыт биз үчүн жакынкы перспективада приоритет болот. Бул мезгил талабы. Кызмат көрсөтүүнүн ыкчам болушу үчүн жана жаңы сервистерди колдонууга мүмкүнчүлүк түзүүдө мамлекеттик маанидеги документтердин электрондук версиясын киргизүү боюнча иштер аткарылат. Бул баардык жарандык документтер электрондук форматта болуп, кызмат көрсөтүүдө аларды талап кылуу жокко чыгарылып, көптөгөн кыйнчылыктар жоюлат. Ал эми кызматтын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук бөлүнүштөрдү сервистик кызмат багытында өзүн-өзү каржылоочу мамлекеттик мекемелер статусу менен кайра түзүү аркылуу Кыргыз Республикасындагы каттоо системасын реформалоо иштери жүргүзүлө баштады. Биринчи этапта, 2018-жылы транспорт каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментин базасында “Унаа” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Учурда жарандык абалдын актыларын каттоо жана калкты каттоо бөлүмдөрүн кошуу аркылуу “Калк” мамлекеттик мекемесин түзүү пландалууда. Бул түзүмдүк өзгөртүүлөр калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатат деп ишенем. Ал эми келечектеги эң ири долбоор бул документтерди санариптештирүү борборун түзүү болот. Бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө толук өткөрүү жана “Түндүк” системасын толук кандуу иштетүү максатында кагаз түрүндөгү архивдеги докуметтерди санариптештирүү борбору түзүлөт. Санариптештирүү борборунун негизги милдети – баардык мамлекеттик органдардын архивдеринде сакталып турган миллиондогон кагаз документтерди электрондук форматка өткөрүү.


Баян Кулова


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив