Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Кыргызстан ЖККУ сессиясынын тɵрагалыгын ийгиликтүү аркалап, эстафетаны Россияга ɵткɵрүп берди

Кыргызстан ЖККУ сессиясынын тɵрагалыгын ийгиликтүү аркалап, эстафетаны Россияга ɵткɵрүп берди

02 дек 2019, 16:05    bishkek

28-ноябрда Жамааттык Коопсуздук жɵнүндɵ келишим уюмуна (ЖККУ) мүчɵ-мамлекеттердин башчылары Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы болду. Ага катышуу үчүн ɵлкɵ жетекчилери 27-ноябрда келе баштаган. Алгач мамлекеттик визит менен казак жетекчиси Касым-Жоомарт Токаев келсе, кечкурун Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон «Манас» аэропортуна конду. Жылуу тосуп алуулардан кийин Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты. Андан соң кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты мындан ары карай бекемдɵɵ зарылчылыгына кɵңүл бурушту. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков Армения Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.


28-ноябрда таң эрте Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинди тосуп алды. Баары жыйналган соң ЖККУнун курамындагы мамлекеттердин башчылары кезектеги сессиясын Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында баштады. Уюмдун курамындагы Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри алгач тар чɵйрɵдɵ, андан кийин кеңейтилген форматта жолугушуу ɵткɵрүштү.


ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын тɵрагалыгы алкагында ЖККУнун эл аралык аброюн кɵтɵрүү боюнча активдүү иш жүргүзүлгɵнүн, кризистик жооп кайтаруу борборун укуктук тариздɵɵ аягына чыгарылганын, аскерий-экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташуу чɵйрɵсүндɵ коюлган максаттарды жүзɵгɵ ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалганын белгиледи. «Бир катар ири машыгуулар, анын ичинде Россия Федерациясында алгачкы ирет «Эшелон» атайын машыгуулары ɵткɵрүлдү. Тажикстанда «Бузулбас боордоштук» жана Россияда «Ɵз ара иш-аракет» биргелешкен машыгуулары ɵткɵрүлдү. Натыйжада, ЖККУга мүчɵ мамлекеттердин Куралдуу күчтɵрүнүн иш-аракеттери шайкеш болушуна жетиштик жана алардын күжүрмɵн даярдыгы жогорулады» - деди Мамлекет башчысы.


Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын жалпы Евразия регионунун коопсуздугун камсыздоо боюнча ɵзгɵчɵ аракетин да баса белгилеп: «Россия Федерациясынын Куралдуу күчтɵрүнүн «Борбор-2019» стратегиялык командалык-штабдык машыгуулары мындай аракеттин айкын мисалы боло алат. Эң заманбап техниканы колдонуу менен ɵткɵрүлгɵн машыгуулардын активдүү фазасына мен ɵзүм Оренбург шаарында күбɵ болгон элем. Россия куралынын күч-кубатын ɵз кɵзүм менен кɵрүп, ага абдан таасирлендим. Биз ЖККУга мүчɵɵлкɵлɵрдүн тышкы чек араларына камтама болбой эле койсок болот. Кыргызстан Владимир Владимировичтин ЖККУ мейкиндигинде коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоодогу салымын жогору баалайт» - деп ɵзгɵчɵ белгиледи.


Ошону менен бирге Президент ЖККУнун коргонуу дараметин жогорулатуу жана аскерий кызматташууну ɵркүндɵтүү боюнча да активдүү иш жүргүзүлгɵнүн айтып: «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрɵшүү маселеси да дайыма кɵңүл борборунда болду. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтɵрүнүн «Эдельвейс» полигонунда «Гром» тактикалык-атайын машыгуулары ɵткɵрүлдү. Ошону менен бирге башка эл аралык жана регионалдык түзүмдɵр менен кызматташтык да кеңейтилүүдɵ. Ушул жылдын июль айында БУУнун Башкы Ассамблеясында «БУУ менен ЖККУнун ортосундагы кызматташтык жɵнүндɵ» резолюция кабыл алынган. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын террорчулук жана экстремисттик максаттарда пайдаланылышын аныктоо, аны алдын алуу жана ага бɵгɵт коюу маселелери боюнча ыкчам ɵз ара иштешүү уланууда. Уюмубуздун алкагында жалпы антитеррорчулук мейкиндикти калыптандыруу боюнча милдеттер аткарылууда. Жалпысынан алганда, Уюмга тɵрагалык кылган мезгил ичинде алдыга коюлган пландар ийгиликтүү ишке ашты»-деди Мамлекет башчысы.


Сɵзүнүн аяганда Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Владимир Владимировичтин региондо жана бүт дүйнɵдɵ коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоого багытталган аракеттерин колдой турганын белгилеп, Россиянын ЖККУга тɵрагалык кылуусу Уюмдун 2020-жылдагы ɵнүгүшүнɵ жаңы шык-дем берерине ишенерин билдирди. Бишкектеги саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланып, бир катар документтерге кол коюлду. Уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилип, 2020-жылы ЖККУга тɵрагалык кылуу вазыйпасы Орусияга ɵткɵрүлүп берилди.


Нургазы Айтмырзаев

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив