Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » ЖЭБди жегендер кустурулуп, алды 17 жылга чейин камалат

ЖЭБди жегендер кустурулуп, алды 17 жылга чейин камалат

02 дек 2019, 16:04    bishkek

Бир жылга чукул убакыттан бери созулган ЖЭБди модернизациялоодогу жемкорлук боюнча соттук териштирүү кульминациялык чекитине жеткени калды. 27-ноябрдагы Бишкектин Свердлов райондук соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар жарыш сɵзгɵ чыгып, ири коррупцияга шектелген үлкɵн чиновниктердин күнɵɵсү толугу менен далилденгенин бир ооздон белгилешип, акыркы сɵздɵрүндɵ ар кимисине тийиштүү жазаларды чегерүүнү судья И.Гилязетдиновадан ɵтүнүштү. Тизмеги менен берелик.

1. Мурдагы ɵкмɵт башчы Сапар Исаковду 15 жыл эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, дипломатиялык рангын, «Манас» орденин алуу жана мамлекеттик кызматтарды ээлɵɵ укугунан үч жылга ажыратуу;

2. Мурдагы премьер-министр Жантɵрɵ Сатыбалдиевди 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнɵн ажыратып, бардык мамлекеттик сыйлыктарын алуу жана мамлекеттик кызматтарды ээлɵɵ укугунан үч жылга ажыратуу;

3. «Улуттук энергетикалык холдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен жана мүлкүнɵн ажыратып, бардык мамлекеттик сыйлыктарын, анын ичинде «Даңк» медалын алуу жана айып пул иретинде 1 млн 627 миң 801 сом тɵктүрүү, «Тойота Лэнд Крузер» унаасын сатып, мамлекеттин эсебине алуу;

4. «Электр станциялары» ААКсынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовду 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнɵн ажыратып, мамлекеттик кызматтарды ээлɵɵ укугунан үч жылга ажыратуу;

5. «Улуттук энергетикалык холдингдин» башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровду 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнɵн ажыратып, мамлекеттик кызматтарды ээлɵɵ укугунан үч жылга ажыратуу;

6. «Электр станциялары» ААКсынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкуловду 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнɵн ажыратып, мамлекеттик кызматтарды ээлɵɵ укугунан үч жылга ажыратуу;

7. Мурдагы каржы министри Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратып, баш коргоо чарасын ɵзгɵртүп, сот залында камакка алуу;

8. Депутат Осмонбек Артыкбаев казынага 100 млн сом тɵккɵнүн, ден соолугунун оорлугун эске алуу менен жеңилдик берип, 50 млн сом айып салуу менен мамлекеттик кызматтарды ээлɵɵ укугунан үч жылга ажыратуу, сот залынан бошотуу чечимин чыгарууну судьядан суранды.

Мындан сырткары, ЖЭБди жеген желмогуздардан акчалай жана мүлк түрүндɵ «Электр станциялар» ААКынын капчыгына жана Каржы министрлигинин казынасына 5 млрд 439 млн 527 миң 482 сомду ɵндүрүү ɵтүнүчү келтирилди.


Камчы Кадыров


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив