Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Орусиядагы мекендештер: «Бизге Бокоевдей депутаттын кереги жок»-дешти

Орусиядагы мекендештер: «Бизге Бокоевдей депутаттын кереги жок»-дешти

02 дек 2019, 15:51    bishkek

Ушул аптанын башында Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Кыргызстан Бажы союзунан пайда кɵрбɵй жатканын айтып, андан чыгуу демилгесин кɵтɵргɵн. Бир күн ɵтпɵй Россияда жүргɵн мекендештерибиз жооп кайтарып: «депутат Бокоев республикадагы бардык жарандарды эмес, досторун жана ɵзүн гана ойлоп жатат, анын билдирүүсү Россияда иштеген кыргыз жарандарынын кызыкчылыгына каршы келет. Жеке саясий ичкүптүсүн айтардан алдын Россияда эмгектенген 900 миң кыргыздын кызыкчылыгын ойлосун. Бажы биримдиги Ɵзбекстан жана Тажикстандын жарандарына салыштырмалуу кыргызстандыктарга чоң укуктук шарт түздү. Биз Россияга визасыз кирип, каттоосу жок 30 күн жүрүп калдык. Азыр биз кесибибизге жараша Россиянын бардык аймагында иштеп, үй-бүлɵбүз менен эмгек келишими бүткɵнчɵ жашап калдык. Иштɵɵ патентин ɵзбек жана тажик жарандары Москвадан 5000 рублга сатып алышууда. Биз Россиянын жараны катары салык тɵлɵп, пенсиялык камсыздоо укугуна ээ болдук. Биз Россия жарандарындай медициналык жардамды алып жатабыз. Биздин Россияда жашаган балдарыбыз бала бакчаларга барып, мектептерде окуп, Россиянын жарандарындай жүрүп калды. Ɵз укугубузду Россиянын жараны катары сотто, прокуратурада, ички иштер органында коргоп жатабыз. Бизге Бажы союзу чоң укук берди. Россия жетекчисине ыраазыбыз»-деген мекендештер Бокоев ушул укуктардан ажыраткысы келип жатканын айтып чыркырашкан. «Биз кайрадан миграциялык кызматтарда кезекке туруп, бир нече кагазды толтуруп, ɵзбек, тажиктер иштегендей тыйынга иштегенге макул бололубу?» деген суроо коюшуп, «Өлкɵнүн экономикасына салым кошуп жаткан миллиондой жарандын укугун кесүүнү каалаган депутаттын бизге кереги жок. Биз ак эмгек менен таап, үй-бүлɵбүзгɵ которгон акчага салык тɵлɵнүп, бюджет толуп жатат, андан депутаттар айлык алышууда. Ошол Бокоевдин айлыгынын бир бɵлүгүндɵ биздин таман акы, маңдай терибиз бар. Эгер Бокоевге ал орун жакпаса, башка иш тапсын, болбосо оозун жапсын»- дешкен.


Памир Манас

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив