Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Уларбек Шаршеев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы: «Талас облусундагы «Кичи-Капка» өткөрмө пункту жарандарды кайра өткөрө баштайт»

Уларбек Шаршеев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы: «Талас облусундагы «Кичи-Капка» өткөрмө пункту жарандарды кайра өткөрө баштайт»

02 дек 2019, 15:47    bishkek

2010-жылы казак тараптын демилгеси менен жабылган Талас облусундагы «Кичи-Капка» өткөрмө пункту эки өлкөнүн жарандарын өткөрүү үчүн кайра иштей баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Ал билдиргендей, бул чечим Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2019-жылдын 27-ноябрындагы Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында кабыл алынды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекеттер аралык Жогорку кеңешинде эки Мамлекет башчылары «Ак-Жол» (Кыргыз Республикасы) – “Кордай” (Казакстан Республикасы) өткөрмө пунктун биргелешип реконструкциялоо зарылдыгын талкуулашты, президенттер тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынды. Бул чара кыргыз-казак чек арасын кесип өткөн жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекет башчылары тарабынан ошондой эле «Каркыра – автодорожный» өткөрмө-көзөмөл пунктунун иштөө убактысын узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул өткөрмө пункттун толук кандуу иштөөсү, биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн чек ара боюндагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Казакстанга өздөрү өндүргөн айыл чарба азыктарын экспорттого мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекет башчылары «Кең-Булуң» жана «Токмок” өткөрмө пункттарынын макамын эки тараптуулуктан көп тараптуулукка өзгөртүүгө багытталган мамлекеттик ички процедураларды кыска мөөнөттө аяктоо зарылчылыгын белгилешти. Ошондо бул тилкеден чет өлкөлүк жарандардын да чек араны кесип өтүүсүнө шарт түзүлөт.

Камчы Кадыров

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив