Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Исмаил Исаков: «Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо экономикалык жагынан жазага тартуу биринчи маселе болсо, экинчи жагынан экологияга зыян алып келгени үчүн да жазага тартуу керек»

Исмаил Исаков: «Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо экономикалык жагынан жазага тартуу биринчи маселе болсо, экинчи жагынан экологияга зыян алып келгени үчүн да жазага тартуу керек»

02 дек 2019, 11:18    bishkek
- Исмаил мырза, мына бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүүлөр аяктап бара жатат. Ошол эле убакта борбор калаабыздын үстүн кара туман каптап, экологиясы өтө эле бузулуп кеткени да көп айтылчу болуп калды. Мунун ТЭЦтин модернизациясы менен байланышы жокпу?
- Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу экономикалык маселелер боюнча жазага тартуу 1-номер болсо, экинчи жагынан экологияга зыян алып келгени үчүн жазага тартыш керек. Өкмөттүн өкүлдөрү ошондо келишимди аягына чейин караган эмес. Себеп дегенде, мен ошол ТЭЦтин жанында жашайм. Мурун шамалдын багыты кай тарапты көздөй болгондо гана түтүндөрүнөн чоңураак-чоңураак болуп кээде гана кыпындары түшчү эле биз жакка, азыр болсо бийикке чыгат, анан ошол жерде турат дагы секинден жерге түшүп жатат. Эгерде эки күндүн ичинде бир жолу эшигиңдин алдында үстү жабылган корооңдун ичин жууп чыкпасаң, анда ТЭЦтен түшкөн түтүндүн кыпындары кадимкидей көрүнүп турат. Демек, биз бүгүнкү күндө ошол түтүндүн баарын жутуп жатабыз, ден соолукка зыян келтирип жатат. Андыктан дал ушул экологиялык жактан укмуштай зыян алып келгени үчүн текшерип, ошол боюнча да жоопкерчилик каралыш керек. Экономикалык жагы анда бул жакта эле калат. Себеби, ар бир адамдын ден соолугун миллиондогон акча менен эсептей албайсың да. Мына азыр ар бир райондо экологиялык нормадан канча пайыз ашыкча болуп жатканын жазып жатышат.
- ТЭЦти модернизациялоо долбоору боюнча алгачкы макулдашуулар, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кезде ушул экологиялык жаатында сөздөр болгон эмес беле?
- Мен ошол мезгилде депутат элем. Ошондо мен министрден атайын сураган элем, «урматтуу министр, мен ошол жерде жашаймын, эгерде эл аралык деңгээлде курулуп, бир дагы түтүнү түшпөсө, абаны уулабаса колдойм дегем. Мен мурунку Коопсуздук кеңешинин катчысы катары ТЭЦке баргам. Ошондо жанагы печкаларынын баары эски болчу. Ошолордун баары оңолобу, бузулуп калбайбы деп сурагам. Мага «Исмаил Исакович, баары заманбап болот» дешкен. Анан ошентип жатышса, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн кантип колдобойсуң. Ошондо дагы «Эмне үчүн акчасы чоң?» деп сураганбыз. Анда «Себеби дегенде жаңы жабдуулар коюлат. Жаңы фильтрлер коюлат. ТЭЦтин морун дагы бийиктетип коебуз» дешкенде, мен аны чын дилимден колдогом.


Булак: "Нур ТВ" телеканалыскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив