Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Тажикстанда суюлтулган газ кымбаттады

Тажикстанда суюлтулган газ кымбаттады

02 дек 2019, 10:33    bishkek

Тажикстанда суюлтулган газ кымбаттап, Душанбедеги май куюу жайларында бир литри 3,7-3,9 сомониден сатылууда. Бир жума мурда газдын баасы 3,4 сомони болчу.
Азырынча Тажикстанга газ жеткирүү менен алектенген компаниялар бул абал боюнча эч кандай комментарий бере элек. Өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү кызматы мекеменин адистери газдын кымбатташынын себептерин иликтеп жатышканын билдирди.
Ал ортодо Душанбедеги такси айдоочулары газдын кымбатташынан улам жол кирени көтөрүү зарылдыгы келип чыкканын билдиришүүдө.
Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү автоунаалардын 60 пайыздан ашыгы газ менен жүрөт.
Тажикстанга суюлтулган газ негизинен Казакстандан алып келинет. Мындан тышкары өлкө газды Орусиядан, Түркмөнстандан жана Кыргызстандан аз көлөмдө алат.
Быйыл жазында Казакстан суюлтулган газдын импорттук баасын эки эсеге жогорулаткан. Анда бул өлкө сыртына ташылып жаткан газдын көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу экени айтылган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив