Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Алматыда «Эл башынан чириди» деген баннер илинди

Алматыда «Эл башынан чириди» деген баннер илинди

02 дек 2019, 10:32    bishkek
1-декабрда белгисиз адамдар Алматы шаарындагы көчөлөрдүн бирине «Ел басынан шіриді» (Эл башынан чириди) деген жазуусу бар баннер илип кетишти. Бул күн Казакстанда тунгуч президенттин күнү катары белгиленип, дем алыш деп жарыяланган.
Баннерди илүүгө эч ким жоопкерчилик алган жок, бирок оппозициялык топтордун бири Instagram баракчасына шаардагы адамдар өтчү көпүрөгө илинген жазуунун видеосун жарыялады.2010-жылы казак парламенти Нурсултан Назарбаевге «Элбашы» деген наам ыйгарган. Бул макам менен Назарбаев жана анын үй-бүлөсү кол тийбестикке ээ болгон.
Оппозиция Нурсултан Назарбаевдин тушунда «жеке адамдын керт башына сыйынуу» көрүнүшү кеңири жайылган деп сындап келет.
Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Нурсултан Назарбаев президенттиктен 2019-жылы март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын жана бийликтеги «Нур Отан» партиясынын лидерлигин сактап калган. Ал президенттиктен кеткенден кийин анын ордуна келген мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын борбору Астана шаарын Нур-Султан деп атоо тууралуу буйрук чыгарган.
Назарбаев быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн. Былтыр Конституцияга өзгөртүү киргизилип, Назарбаев Коопсуздук кеңешин көзү өткүчө жетектөө укугун алган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив