Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Гонконгдо полиция демонстранттарды кууп таратты

Гонконгдо полиция демонстранттарды кууп таратты

02 дек 2019, 10:31    bishkek
Жекшемби күнү Гонконг полициясы революциялык ураандарды кыйкырып көчөгө чыккан миңдеген адамды кууп таратты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
Акцияны таркатуу маалында полиция көздөн жаш агызчу газ колдонуп, андан үч киши жабыркаганы белгилүү болду.
Агенттиктин маалыматына караганда, активисттер өкмөткө каршы акцияларды улантуу ниетин билдиришти.
Бул өткөн жекшембиде жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодон берки Гонконгдогу алгачкы калайман нааразылык акциясы болду. 24-ноябрдагы 18 райондук кеңеште шайлоодо демократиялык күчтөрдүн өкүлдөрү жеңишке жетип, 452 орундун 396сына ээ болушкан. Муну оппозиция өзүнүн жеңиши катары сыпаттаган. Мандат алгандардын катарында бир канча айдан бери Гонконгдогу бийликке каршы нааразылык акцияларын уюштурган лидерлер да бар.
Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Кийин жаңжалдын башкы себепкери болгон бул документти шаар жетекчилиги парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив