Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » 25-ноябрдагы митинг – төңкөрүшкө даярдыкпы?

25-ноябрдагы митинг – төңкөрүшкө даярдыкпы?

29 ноя 2019, 19:28    bishkek
25-ноябрдагы Ак үй алдында өткөн митинг бир караганда эч кандай деле терс жагдайларды алып келбегендей туюлат. Башаламандык, талап-тоноо, талкалоону гана билген чыр-чатакчылар болгон жок. Элди жадаткан оппозициячыл саясатчылар да көрүнбөдү. Негизинен жаштар, болгондо да шаардыктар келди. Митинг маданияттуу жана уюшкандыкта өттү. Митингчилер алтургай өздөрүнүн артынан таштандыларын да тазалай кетишти. Демек, жаштардын жарандык аң-сезими өсүп калган турбайбы деп кубангың келет, бирок бир жагдай абдан кооптонткону болбосо.
Эмне дейсизби? Түстүү революциялардын тааныш технологиялары жана ошолорго кызмат өтөгөн тааныш жүздөр. Албетте, алар баарын тымызын жасагылары келди. «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу иликтөөсүн жарыялады, анан анын артынан социалдык түйүндөрдөгү көңүл кош эмес жарандар бажыдагы коррупцияга, контрабандага нааразы болушуп, «Бийликтен талап кылалы, реакция кылалы» деп эле митингге өздөрү чыгышты деген пикир жаратууну көздөштү.
Бирок, бул митингди уюштуруучуларга андай реакция анчалык деле кереги жоктой сезилди. Укмуштуу материал күтүүсүздөн (Кудум 1941-жылы Гитлер СССРге таң атпай кол салган сыяктуу) 20сынан 21-ноябрга караган түнү жарыяланды. Ал эми митингге даярдануу бир күндөн кийин күчүнө кирди. Митинг өзүнөн-өзү уюштулду дешкени менен анын уюштуруучулары болду. Алардын катарында Ширин Айтматова тарабынан түзүлгөн «Үмүт»-2020 кыймылы да болду. Ширин Айтматова АКШнын бир университетин, эки колледжин аяктаган, Борбордук Азиядагы Америка университетинин мурдагы окутуучусу, парламенттин «Ата-Мекен» партиясынан мурдагы депутаты.
Айтматова бул теманы бизнесмен Саймаити Стамбулда киши колдуу болуп каза тапкандан кийин эле чайпалта баштаган. Туура, адегенде ал кыргыз ТИМчилери аны коргоп жүрүшкөн деген, анан «бийлик Саймаитинин өлүмүнө реакция кылууга шашылбай жатат» деп баштаган.
Митингге коомчулукка аздыр-көптүр таанылып калышкан жергиликтүү бейөкмөтчүлөр келишти. Алар, албетте көшөгө артында болгонго аракет жасашты. Митингчилер талап кылып жаткан коррупция Райымбек Матраимовдун сүрөтүнө айланды. Эмне үчүн эки жылдан бери эч кандай мамлекеттик кызматта жок бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов? Азырынча жооп жок.
«Үмүт-2020» кыймылынын штабында бул митингди репетиция кылышканы да белгилүү. Жаш модератор көпчүлүктү кызытуу үчүн машыгып жатканын видеодон көргөнбүз. Митингдин өзүндө да ийгиликтүү кызытты. Бирок, эмнегедир алар Райымбек Матраимовдон башка коррупционерди көрүшкөн жок, же көргүлөрү келбеди. Бул митингге катышкан укук коргоочулар Рита Карасартова жана Динара Ошурахунова мурдараак Мамкаттоодогу коррупцияны УКМК иликтеп жатканда тоскоолдук жаратышкан. Митингге мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары, анын ичинде КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун катышканы да кызык көрүндү. Эгерде эске сала турган болсок, анда ошол журналисттик иликтөөдөгү контрабандалык схема дал ушул Атамбаевдин президенттик убагында гүлдөгөн эмеспи. Анан дагы бажы тармагын Кубанычбек Кулматов жетектеп турганда. Азыр ал соттолуучунун отургучунда отурат, бирок таптакыр башка кылмыш иши боюнча. Эмнегедир буларды митингге чыккандардын бири дагы эстерине алган жок.
Митингди уюштуруучулар ага катышкандар 3000 адамдын тегерегинде болду дешти, бирок реалдуулукта андан 10 эсе аз, 300дүн тегерегинде адам болду. Анын ичинде журналисттер, милиция кызматкерлери да бар. Митингге чыккандардын санын көбөйтүп көрсөтүү - түстүү революциялардын технологиясына кирет.
Кыска мөөнөт ичинде эле уюштуруучулар плакаттарды чыгарып, видеороликтерди даярдап, символдорду жана кантип кыйкырыш керек экендиктерин ойлоп чыгарып алышты. Айтор, жаш революционерлерди даярдоо боюнча семинарларда тажрыйбалуу инструкторлор эмнеге үйрөтсө, так ошондой аткарышты. Ереванда өткөн ошондой семинарлардын биринде кыргызстандыктар да катышып келишкен. Бирок, бийликтегилердин эч кимиси ага көңүл бурган жок. Анан дагы бул митингде бийликке сары карточка көрсөтүштү. Футболдо муну эскертүү деп түшүндүрөт. Андан кийин жазалоо болот. Мамлекеттик төңкөрүштөрдү кышында Кыргызстанда жасабайт. Биздин эл жылуулукту жакшы көрөт. Андыктан 25-ноябрдагы митинг АКШнын жана анын грант жегичтеринин, тыңчыларынын репетициясы болду окшойт.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив