Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Гонконгдо казакстандык студент кармалды

Гонконгдо казакстандык студент кармалды

21 ноя 2019, 15:30    bishkek

16-ноябрда Гонконгдогу нааразылык акциялар маалында жергиликтүү окуу жайда окуган казакстандык студент Абилкаир Нукпи кармалган. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кармалган студент менен жолуккан казак конусулу анын абалы жакшы экенин билдирди. Кармоо маалында студенттин оң чыканагы бир аз сыйрылган.
Анын иши боюнча алгачкы соттук угуу 20-ноябрда башталган. Учурда дипломаттар ага адвокат издеп жатышат.
Bloomberg агенттигинин кабарчысы Аарон Мак Николас «Твиттер» баракчасына казакстандык студент колуна күйүүчү май куюлган бөтөлкө көтөрүп жүргөнүн жазган. Гонконг полициясы 16-ноябрда студенттер тарабынан кармалып турган «Баптист» университетинин имаратына кирип барып, андагы адамдарды, анын ичинде казакстандык студентти кармаган.
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Гонконг полициясы казак студентин күрөөгө бошотууга макул болгон эмес.
Буга чейин Казакстан ТИМи Гонконгдо окуп жүргөн студенттерге мекенине кайтып келүүнү сунуштаган. 18-ноябрга карата Казакстанга 118 студент кайтып келгени, дагы 48 студенттин жакынкы күндөрү келе тургандыгы кабарланган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив