Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Шинжаң лагерлер тууралуу документтердин жарыяланышын “фейк” деп атады

Шинжаң лагерлер тууралуу документтердин жарыяланышын “фейк” деп атады

21 ноя 2019, 09:56    bishkek
Шинжаңда жергиликтүү бийлик аймакта мусулман динин туткан аз улуттарга карата жасалган саясат тууралуу 400 барактан турган ички документтердин ачыкка чыгышын “фейк” деп атады. Материал New York Times (NYT) гезитинде жарык көргөн.
New York Times гезити билдиргендей, 16-ноябрда жарыяланган документте “саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде” кармалган кишилерин туугандарына кандай жооп берүү керектиги тууралуу аткаминерлер үчүн көрсөтмөлөр камтылган. Документке ылайык, жоопто “алар өкмөт тарабынан түзүлгөн билим берүү борборунда экени жана ал жерден кете алышпай турганы”, мындан тышкары “алардын качан чыгарына үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүм-туруму роль ойной турганы” айтылышы керек.
Reuters агенттиги маалымдагандай, ар түрдүү нускамалардан тышкары документте Кытай президенти Си Цзиньпиндин 2014-жылы Шинжаңдагы чиновниктер менен жолугушуусу учурунда сүйлөгөн сөзү камтылган.
Шинжаң New York Times гезитиндеги материалды ички жана тышкы душмандар тарабынан даярдалган “фабрикация” деп мүнөздөдү.
NYT документтер Кытайдын саясий истеблишмент мүчөлөрүнүн бири тарабынан берилгенин кабарлаган. Сыр калууну суранган булак “бул маалыматтарды ачыкка чыгаруу партия жетекчилеринин, анын ичинде Си Цзиньпиндин жапырт камоолор үчүн жоопкерчиликтен качып кетишине жол бербейт” деп үмүт арткан.
Дүйшөмбүдө Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жарыяланган документтердин анык экенин төгүндөгөн жок жана Кытай өкмөтүнүн Шинжаңдагы программасы ийгиликтүү жүзөгө ашканын, аны башка өлкөлөр да колдонсо болорун билдирди.
Документтерге ылайык, Шинжаңда лагерлерде кармалгандарын саны 2016-жылы кескин көбөйгөн. Бирок алардын так саны айтылган эмес.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушул тушта Кытай бийлиги жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка аз улут өкүлдөрүн атайын лагерлерде эркинен тыш кармап отурат.
Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды "тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор" деп атап келе жатат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив