Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулуна чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок

Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулуна чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок

20 ноя 2019, 15:05    bishkek
Кыргызстандын Жогору соту парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна карата Казакстандын Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун аны 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Иш 19-ноябрда каралганын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Тактап айтканда, Дамирбек Асылбек уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») жана 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен 10 жыл бою жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөйт. Түрмөдөгү жалпы режим деген жатак абактагы соттолуучудан укугу аз, бирок катуу жана өзгөчө режимде кармалгандарга караганда жеңилдиктер бар. Ошондой эле Дамирбек Асылбек уулу жазасын өтөп бүткөндөн кийин беш жыл бою Казакстанга кире албайт. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет жана өкүмгө каршы даттанууга болбойт.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жогорку сотко Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечимин аткаруу тууралуу сунушун берген.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга 18-ноябрда эстрадицияланды. Ал учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат.
Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив