Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » АКШ сенатору: Тажикстанда сөз эркиндигин камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөбүз

АКШ сенатору: Тажикстанда сөз эркиндигин камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөбүз

20 ноя 2019, 09:55    bishkek

АКШ Сенатынын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Жим Рич «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (RFE/RL) президенти Жейми Флай менен жолугуп, Тажикстанда сөз эркиндигин камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн билдирди.
Анын айтымында, Сенаттын мүчөлөрү буга чейин да Тажикстандын бийлигин «Азаттык» радиосунун тажик кызматынын («Озоди») кабарчыларына аккредитация берүүгө чакырган. 25-октябрда сенаторлор Жим Рич, Роберт Менендз, Марко Рубио жана Роберт Кейзи тажик президенти Эмомали Рахмондун атына кайрылуу жолдоп, аталган радионун кызматкерлерине аккредитация берилбей жатканына тынчсыздануусун билдирип, бул көрүнүш «тажик-америка мамилелеринин туруктуулугуна таасир этиши мүмкүндүгүн» эскертишкен.
31-октябрда Тажикстандын бийлиги «Озодинин» баш-аягы 20 журналисти менен кызматкеринин аккредитация алуу тууралуу өтүнүчүн жарым жартылай гана канааттандырып койгон. Ага ылайык, алты кабарчыга алты айга, бирөөнө үч айга гана аккредитация берилген. 11 кабарчы аккредитация ала алган эмес.
Ноябрдын башында Швейцариянын Цюрих шаарында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугуп, «Озоди» радиосунун журналисттеринин аккредитация алуу маселесин талкуулашкан. Флайдын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Рахмон радионун кызматкерлеринин аккредитация маселеси чечиле турганын убадалаган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив