Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » The Times «Мисс Беларус-2018» сынагынын жеңүүчүсү менен Лукашенконун мамилеси тууралуу жазды

The Times «Мисс Беларус-2018» сынагынын жеңүүчүсү менен Лукашенконун мамилеси тууралуу жазды

20 ноя 2019, 09:54    bishkek
The Times гезити Беларус президенти Александр Лукашенко менен «Мисс Беларус – 2018» сынагынын жеңүүчүсү, ушул жекшемби күнү парламенттин төмөнкү палатасына эң жаш депутат болуп шайланган 22 жаштагы Мария Василевичтин мамилеси тууралуу жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, Василевич былтыр май айында сулуулар сынагын жеңгенден бери 65 жаштагы Лукашенко аны такай жандап жүрөт. Экөө бир катар фестивалдарга, хоккей оюндарына жана Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына чогуу барган. Президент аны маданиятка жана кайрымдуулук иштерине кошкон салымы үчүн медаль менен сыйлаган. Ошондой эле Василевич сулуулардын дүйнөлүк сынагына катышканы жатканда анын даярдыгын Лукашенко жеке өзү көзөмөлдөгөн. Ал сынакта беларус сулуусу үчүнчү орунду алган.
Гезиттин макаласында Василевичтин саясий тажрыйбасы жок экени, ал парламентте жаштардын маселелерин көтөрө тургандыгы белгиленген.
Ушул жекшемби күнү Беларуста мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында оппозициянын бир дагы өкүлүнө мандат тийген эмес. Эл аралык уюмдар шайлоо «таза эмес, адилетсиз» өткөнүн белгилешип, добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.

«Европадагы акыркы диктатор» деген каймана атка конгон Лукашенко Беларусту соңку 25 жылдан бери башкарып келет. Ал 1975-жылы үйлөнгөн, бирок өлкө башчысы болгондон бери коомчулук жубайы экөөнү чогуу көрүшкөн эмес.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив