Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » АКШда импичмент иши боюнча төрт күбө көрсөтмө берди

АКШда импичмент иши боюнча төрт күбө көрсөтмө берди

20 ноя 2019, 09:52    bishkek
Шейшемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин Европа иштери боюнча директору Александр Виндман көрсөтмө берди. Ал президент Дональд Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефондук сүйлөшүүсүнө күбө болгон.
Виндман президенттердин сүйлөшүүсү боюнча тынчсызданып, бул тууралуу башкы прокурорго маалымат бергенин айтты:
— Анткени АКШнын президенти башка өлкөнүн өкмөтүнөн америкалык жарандын жана өзүнүн саясий каршылашынын аракеттери боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кыла алмак эмес, — деди Виндман.
Ал ошондой эле Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко менен Нью-Йорктун мурдагы мэри, Трамптын жеке адвокаты Руди Жулиани АКШнын Украинадагы саясатына доо кетире турган жалган маалыматтарды таратышканын кошумчалады.
Виндмандан кийин Чалгын комитетинде дипломат Женифер Уильямс дагы көрсөтмө берди. Ал вице-президент Майк Пенстин командасында кеңешчи болуп иштеген жана Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнө күбө болгон. Уильямс эки президенттин сүйлөшүүсү «өзгөчө» болгонун, анткени «АКШнын ички иштери тууралуу» сөз козголгонун билдирди.
Трамп шейшемби күнү Виндман менен Уильямсты сынга алды. Ал Ак үйдө журналисттер менен сүйлөшүп жатып, Виндманды таптакыр тааныбай турганын айтты.
Импичмент иши боюнча мындан тышкары дагы эки күбө — АКШнын Украина боюнча мурдагы атайын өкүлү Курт Волкер менен Ак үйдүн кызматкери Тим Моррисон көрсөтмө бере баштады.
АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив