Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

20 ноя 2019, 09:50    bishkek
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга эстрадицияланды. Ал учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз борбору кабарлады.
Маалыматка караганда, экс-депутат 18-ноябрда Кыргызстанга алынып келинген.
«Азыркы убакта Казакстандын өкүмүн Кыргызстандын өкүмүнө шайкеш келтириш үчүн тиешелүү документтер (переквалификация) Жогорку сотко жөнөтүлдү. Ошонун негизинде жаза мөөнөтү аныкталат», деп билдирет ЖАМКтын басма сөз кызматы.
Айрым маалымат каражаттары Асылбек уулу менен кошо дагы эки кыргызстандык экстрадицияланганын жазышты. ЖАМК бул маалыматты ырастаган жок.
Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.
Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, канааттандырган эмес. Ал эми аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. Дамирбек Асылбек уулун соттун төмөнкү инстанциясы 10 жылга эркинен ажыраткан.
Былтыр февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалган.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан.
37 жаштагы депутат «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив