Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » АКШнын ЕБдеги элчиси: Киевге жардам берүү Байдендин уулуна карата иликтөөгө көз каранды болгон

АКШнын ЕБдеги элчиси: Киевге жардам берүү Байдендин уулуна карата иликтөөгө көз каранды болгон

06 ноя 2019, 09:42    bishkek
Киевге аскердик жардамды калыбына келтирүү АКШнын мурдагы вице-президентинин уулу Хантер Байдендин ишмердүүлүгү боюнча Украинадагы иликтөөгө көз каранды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Европа биримдигиндеги (ЕБ) элчиси Гордон Сондланд билдирди.
Бир нече жума мурда Конгрессте көрсөтмө берген Содланд былтыр кабыл алынган чечимдин чоо-жайы эсинде жок экенин айтып, эмне себептен Украинага аскердик жардам токтотулгандыгы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тарткан. Шейшемби күнү ал бул көрсөтмөсүнө толуктоолорду киргизип, быйыл сентябрда украин президенти Владимир Зеленскийдин жардамчысы Андрей Ермак менен сүйлөшүп, «аскердик жардамды калыбына келтирүү Киев менен талкууланган антикоррупциялык билдирүү жасалмайынча ишке ашпай турганын» билдиргенин жазган. Анда алар директору президенттикке талапкер Жо Байдендин уулу Хантер Байден эсептелген «Бурисма» компаниясы жөнүндө сүйлөшкөн. Сондланддын айтымында, президент аскердик жардамды калыбына келтирүүнүн себептери тууралуу ага эч нерсе айткан эмес.
— Телефон менен сүйлөшкөндө Трамп «Зеленский туура чечим кабыл алышы керек» деп айткан. Мен бул сөздөрдү президент «Бурисманын» ишмердүүлү боюнча тергөө жүргүзүүнү каалап жатат деп түшүнгөм, — деди Сондланд.
Учурда Конгресстин Өкүлдөр палатасында Трамп 2020-жылкы президенттик шайлоодогу ыктымал атаандашы Жо Байдендин уулуна карата Украинада иликтөө баштатуу үчүн Киевге басым жасаган-жасабагандыгы боюнча иликтөө жүрүүдө. Конгрессмендер эгер басым болгондугу аныкталса, ал президентке импичмент жарыялоого негиз болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив