Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Түркияда сот оппозициялык эки журналистти эркиндикке чыгарды

Түркияда сот оппозициялык эки журналистти эркиндикке чыгарды

06 ноя 2019, 09:40    bishkek
Түркияда сот оппозициялык Taraf гезитинин мурдагы башкы редактору Ахмет Алтан менен журналист Назлы Ылыжакты эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик Anadolu агенттиги кабарлады.
2018-жылы февралда оппозициялык маанайдагы журналисттер Назлы Ылыжак, Азмет Алтан жана анын бир тууганы, профессор Мехмет Алтан бозгундагы динаятчы Фетхуллах Гүлендин тыюу салынган кыймылы менен байланышта болгон деп айыпталып өмүр бою соттолушкан. Түрк бийлиги 2016-жылы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштү Гүлен уюштурган деп эсептейт.
Быйыл июль айында Түркиянын Жогорку Кассациялык соту журналисттерге тагылган «Мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көрүү» беренесин «Террордук топко көмөктөшүү» беренесине алмаштырган. Биринчи баскычтагы сот ишти кайрадан карап, алардын абактагы мөөнөтүн кыскартты. Ахмет Алтан менен Назлы Ылыжак үч жылдан бери камакта отургандыктан, тилкаттын негизинде бошотулду. Өткөн жылы эркиндикке чыккан Мехмет Алтанга карата сот актоо өкүмүн чыгарды.
2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин Түркияда 80 миңден ашык киши камалып, дагы 150 миң мамлекеттик кызматкер жумуштан алынган. Президент Режеп Эрдоганды сындагандар ал бул төңкөрүш аракетин саясий каршылаштарын жок кылуу үчүн пайдаланып жатат деп айыптап келишет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив