Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган тажик жарандары кое берилди

Кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган тажик жарандары кое берилди

06 ноя 2019, 08:59    bishkek
Кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Тажикстандын Ворух айылдык кеңешинин тургундары Боисжон Бобохасанов менен Дилшод Каримов айып пул төлөгөндөн кийин кое берилди. Алар үч жумадан ашык Баткендеги убактылуу кармоочу жайда кармалып турушкан.
«Азаттыктын» тажик кызматы кабарлагандай, бул иш боюнча Баткен шаардык сотунун отуруму 5-ноябрда өтүп, Бобохасанов менен Каримовго чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн ар бирине 37 миң сомони (3 700 доллардан ашык) өлчөмүндө айып пул салынды.
Ворух айылдык кеңешинин тургундарын кыргыз чек арачылары 14-октябрда кармап, Баткенге жеткирилген. Алардын жанында мергенчилик куралдары болгон.
1-ноябрда Тажикстандын аймагында кармалган кыргызстандык Асылбек Каримов мекенине кайтарылган. 31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын тийиштүү органдарынын, Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүдө кыргыз жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да көтөрүлгөн. Жыйынтыгында Каримов Тажикстандын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив