Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Калилов: темир жол салууда Орусия менен Өзбекстан жардам берет

Калилов: темир жол салууда Орусия менен Өзбекстан жардам берет

05 ноя 2019, 09:09    bishkek

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» долбоору боюнча Орусия менен техникалык-экономикалык негиздемесин иштелип чыкканын «Азаттыкка» билдирди:
- Орусия менен техникалык-экономикалык негиздемесин жасадык. Кайсы жерден өтөрү, курулушка удаалаш кайсы кен байлыктарга чалгындоо болушу керек экендиги каралган. Азыр Орусия «каражат маселесин карайбыз» деп жатат. Өзбекстан «курулуш, долбоорлоо тармагына жардам беребиз» деди.
Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жол курулушу - көп жылдардан бери айтылып, ишке ашпай келаткан ири долбоор.
2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Мындан соң кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрут сунуш кылган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив