Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Наралы Асанбаев, журналист: "Президент менен жолугушууда журналисттер ушак суроолорду эмес - журналистиканын келечеги тууралуу талаптарды коюшса болмок!"

Наралы Асанбаев, журналист: "Президент менен жолугушууда журналисттер ушак суроолорду эмес - журналистиканын келечеги тууралуу талаптарды коюшса болмок!"

04 ноя 2019, 21:02    bishkek
7-ноябрь Басма сөз күнүнө карата ПРЕЗИДЕНТ өлкөдөгү үлкөн редакторлор менен жолугушуп, пикир алышты. Бул да болсо Орто Азия жана Азия чөлкөмүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги күчтүү экенинен кабар берет. Президент маалымат чөйрөсүнүн өкүлдөрүн чакырып, алардын оюн билип турганы жакшы көрүнүш.
Бирок, жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, редакторлор күнүмдүк жашоодо болуп жаткан, эл тажап бүткөн суроолорго ПРЕЗИДЕНТтен жооп алууга аракет кылышты. Так айтканда, жолугушуу чакан маалымат жыйындан айырмаланган жок. "Райым миллион", Атамбаев, Кой-Таш, Асилбек Жээнбеков, Бишкек ЖЭБдин тегерегиндеги чекит коюлбай турган суроолор айтылды. Жеке өзүмдүн пикирим боюнча, ПРЕЗИДЕНТ РЕДАКТОРЛОРду пикир алышууга чакырып жаткан соң, аягы жок маселелер көтөрүлбөшү керек эле. Жолугушууда ПРЕЗИДЕНТтен маалымат коопсуздугу боюнча планын угуп, кандай аракеттер жасалышы керек экени талкууланса жакшы болмок. Кыргыз журналистикасынын абалын жакшыртуу үчүн атайын программа иштеп чыгуу демилге көтөрүлүшү зарыл болчу. Журналисттердин эркин, эч кимден коркпой иштөө коопсуздугун камсыз кылууну ПРЕЗИДЕНТтен талап кылыш керек эле. 2010-жылы болуп өткөн окуяларда маалымат саясатынан уттуруп, башкалар кыргыздарды дүйнө коомчулугуна өзбек улутундагы жарандарды геноцид кылган улут катары көрсөтүүгө аракет кылганы айтылышы керек болчу. Журналисттер токолдун баласындай өгөйлөнбөш үчүн мамлекет тарабынан колдоого алынып, журналисттер шаарчасын куруу идеясын көтөрсө неге болбойт болчу? Саясий партиялар, саясатчылар парламентке келүү үчүн шайлоо системасына өздөрүнө ылайыктуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылып жатышат. Журналисттер да шайлоодо таба турган өз "оокатын" өзгөлөргө тарттырып жибербөөнүн аракетин көрүп, шайлоо системасына өзгөртүү киргизилип жатканда, өз идеяларын сунуш кылса туура болмок. Маселен, БШК үгүт иштерине катышам деген маалымат каражаттарын аккредитациядан өткөрүп, анын юридикалык документтерин талап кылат. Анткен менен саясий партиялар эч жерде катталбаган, юридикалык документи жок, БШКдан аккредитациядан өтпөгөн гезит-журналдарын чыгарып, журналисттердин "оокатын" жокко чыгарып келүүдө. Ушундай маалымат каражаттары үчүн шайлоо мезгилинде көйгөй жараткан тоскоолдуктарды мыйзамдык деңгээлде жоюу демилгелери айтылбады. ПРЕЗИДЕНТтин 2 жылда иштеген иши, Илмиянов, Атамбаев, Матраимовдор тууралуу суроолор жылдын аягында өтүүчү маалымат жыйында берилсе туура болмок.

Наралы Асанбаев, "Жаны Ордо" гезитинин редакторускачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив