Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Экс-мэрлердин камак мөөнөтү 2020-жылдын 6-январына чейин узартылды

Экс-мэрлердин камак мөөнөтү 2020-жылдын 6-январына чейин узартылды

04 ноя 2019, 14:55    bishkek


Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 6-январына чейин узартылды. Бул тууралуу 4-ноябрдагы сот отурумунда белгилүү болду.
Сот жараянында экс-мэрлер көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан. Алар «негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп айтышкан. Кийинки сот 6-ноябрда уланат.
Экс-мэрлердин ишин Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат. Кулматовго «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шек саналып жатат.
Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып жатышат. 2018-жылы кармалган экс-мэрлердин кылмыш иштерин бириктирип кароо тууралуу чечимди Ленин райондук соту ушул жылдын 6-мартында кабыл алган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив