Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Өзбекстанда үлпөт тойлорду бир сценарий менен өткөрүү сунушталды

Өзбекстанда үлпөт тойлорду бир сценарий менен өткөрүү сунушталды

04 ноя 2019, 09:17    bishkek
Өзбекстандын маданият министринин орун басары Камола Акилова үлпөт тойлор менен салтанаттар үчүн стандарттык сценарий иштеп чыгууну сунуштады.
Анын айтымында, Маданият министрлиги «Өзбекконцерт» ишканасы менен биргеликте үлпөт тойлорду өткөрүү эрежелерин иштеп чыга баштады.
«Эң башкысы тарыхый жана улуттук баалуулуктар сакталышы керек. Ошол эле маалда сценарийде заманбап көз караштар болушу зарыл, — деди Акилова.
Быйыл сентябрда өлкө парламенти «Үлпөт тойлорду, мааракелик салтанаттарды жана үй-бүлөлүк той-аштарды өткөрүү тартиптери тууралуу» жобо кабыл алган.
Ага ылайык, үй-бүлөлүк салтанаттарды бир гана күн — таңкы саат алтыдан түнкү 11ге чейин өткөрүүгө уруксат берилет. Бул эреже маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына тиешелүү болбойт.
Документте үй-бүлөлүк иш-чараларга 200гө чейин, үлпөт тойлорго 250гө жана ага байланышкан кулинардык салтанаттарга 300гө чейин адам катыша ала тургандыгы көрсөтүлгөн.
Жободо белгиленгендей, үлпөт той жана майрамдык салтанаттардын уюштуруучулары бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир жума эрте маалымат бериши керек болот.
2020-жылдын 1-январында күчүнө кире турган бул тартиптерди бузуу үчүн 230-1170 доллар өлчөмүндө айып пул каралышы мүмкүн.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив