Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Human Rights Watch: Түркмөн бийлиги Касымберди Гараевди тез арада бошотушу керек

Human Rights Watch: Түркмөн бийлиги Касымберди Гараевди тез арада бошотушу керек

04 ноя 2019, 09:16    bishkek
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Түркмөнстандан Касымберди Гараев тууралуу маалымат берүүнү, эгер ал камакта болсо тез арада бошотуп, эмне себептен камакка алынгандыгын түшүндүрүүнү талап кылды. Гараев кумса экенин ачык айткандан кийин полицияга чакырылып, ошол бойдон дайынсыз болууда.
«Өзүнүн сексуалдык ориентациясы тууралуу ачык айткандыгы үчүн Касымберди Гараевдин сырткы дүйнө менен байланышсыз кармалып жатканына тынчсыздануубузду билдиребиз. Түркмөнстанда адам укуктарынын абалы өтөт начар бойдон калып жатканын эске алганда, бизде анын коопсуздугу үчүн тынчсыздануубузга толук негиз бар, — деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рейчел Денбер.
21-октябрда «Азаттыктын» түркмөн кызматы жеке коопсуздугу үчүн Гараевдин атын Камил деп өзгөртүп макала жарыялаган. Анда ооруканалардын биринде дарыгер болуп иштеген Касымберди кумса экенин ачык айткан. Бул макала жарыялангандан кийин ал 24-октябрда полицияга чакырылганын кабарлаган. 
25-октябрда «Азаттыктын» түркмөн кызматы күч түзүмдөрүндөгү өз булагына таянып, Улуттук коопсуздук министрлиги маалымат каражаттарында өзүнүн кумсалыгын ачык айтып чыккан адамды издөөгө алып, жаш дарыгерлерди бирден текшере баштаганын билдирген.
Журналисттер Ашхабаддагы кардиология борборуна кайрылышканда, ал жакта Касымберди Гараев аттуу адам мындан ары иштебей турганын айтышкан. Ал эми анын үй-бүлөсү Ашхабаддагы үйүнөн көчүп кеткени маалым болду.
Түркмөнстанда кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жыныстык азчылык өкүлдөрүнө жасалган зомбулук тууралуу маалыматтар тастыкталбай же төгүндөлбөй келет. Мурунку союздук республикалардын ичинен Өзбекстанда да кумсалык үчүн мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив