Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Казакстанда жаңы партия түзүү ниетин билдирген активист тоскоолдуктарга кабылууда

Казакстанда жаңы партия түзүү ниетин билдирген активист тоскоолдуктарга кабылууда

04 ноя 2019, 09:16    bishkek
Жакында эле жаңы саясий партия түзүү ниетин билдирген казакстандык активист Жанболат Мамай бийлик анын аймактарга чыгып, тилектештери менен жолугуусуна тоскоолдук кылып жатканын билдирди. 
2017-жылы шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган Мамайдын айтымында, 1-ноябрда Пробация кызматы анын Алматы шаарынан чыгуусуна тыюу салды.
— 2-ноябрдан 8-ноябрга чейин Казакстандын батышындагы аймактарды кыдырууну пландагам. Бирок 1-ноябрда Алматынын Карасай райондук пробация кызматы «мага карата көзөмөл чарасы күчөтүлгөнүн жана шаардан чыгуума тыюу салынганын» билдирди, — деди Мамай.
Активисттин айтымында, ал өткөн айда жаңы партия түзүү ниетин билдиргенден кийин пробация кызматы аны мурдагыдай айына бир жолу эмес, беш жолу каттоодон өтүп турууга милдеттендирген. Ал бул чечимди өзүнүн жарандык активдүүлүгү менен байланыштырууда.
Өз кезегинде Адвокат Жанара Балгабаева «Саясий калем. Трибуна» гезитинин мурдагы редактору Жанболат Мамайдын өлкөнүн аймактарына баруусунда эч кандай маселе болбошу керек деп эсептейт.
— Сот Мамайдын журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салган. Ошол эле маалда анын коомдук иштер менен алектенүүсүнө эч кандай чектөө жок. Эгер ал башка аймактарга барса, бул тууралуу пробация кызматына кабарлап, пландары тууралуу айтышы керек. Мындан тышкары барган жериндеги пробация кызматына каттоого турушу зарыл, — деди адвокат.
Ал пробациялык көзөмөлдөгү адам мыйзам бузушу мүмкүн деген кооптонуулар болгон учурда анын каттоодон өтүү мөөнөтү көбөйтүлүшү мүмкүндүгүн билдирди. Адвокат Мамайдын айына беш жолу каттоодон өтүп турууга милдеттендирилиши анын коомдук-саясий активдүүлүгү менен байланыштуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.
31 жаштагы Жанболат Мамай 2017-жылы сентябрда үч жылга шарттуу кесилип, бул аралыкта журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салынган. Ал акыркы он жылдан бери чет өлкөдө жашап жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязовдун БТА Банктан чыгарып кеткен каражатын адалдаштырган деп айыпталган. Мамай бул дооматтарды четке каккан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив