Maalymat.kg
Экс-президент Атамбаевдин Африканын Уганда өлкөсү менен менен байланышкан коррупциялык былыгы ачыкка чыкты
Съеденные китайские кредиты Атамбаева
Атамбаев доорунда соттордун «атасына» айланган Манас Арабаев качан мыйзам алдында жооп берет? 
Камчыбек Жолдошбаев: “Мага караштуу делген үй – бюджетте иштегендер жана кызматкерлериме ипотекалык негизде салынып жаткан курулуш ”
«Газпром-Кыргызстан» имел своих высокопоставленных покровителей во власти
Как «шоопур» Илмиянов с помощью своего родственника Аширбая Жусупова обманул российских инвесторов
Нариман Түлеев Данияр Нарымбаевди сабап, оозун канжалата муштады
Как Нариман Тулеев «кинул» художника?
Лейла…История одного продажного журналиста
Гульнура Торалиева: Пусть арест Сапара Исакова, будет уроком для прежних властей!
«Я в шоке!»: Сапар Исаков станет первым премьер-министром, ставшим фигурантом уголовного разбирательства
Атамбаев велел уволить «Раима-миллиона», который теперь «миллиардер» из-за того, что тот не отметился перед ним 15 миллионами долларов?
Издөө
Автордук макалалар
  •   Манас Саматов: “Ааламдагы ар бир кыргыздын тилин сыйлап, батырып, сиңирип кабыл алганга үйрөнүшүбүз керек”
  •   Коррупция менен күрөшүүдө дүйнө мамлекеттери менен Кыргызстан кандайча айырмаланып турат? 
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  • » » С.Исаков ТЭцтеги авария боюнча жууркан таратып коюп эле жоопкерчиликтен кутулгусу келип жатабы?

    С.Исаков ТЭцтеги авария боюнча жууркан таратып коюп эле жоопкерчиликтен кутулгусу келип жатабы?

    20 апр 2018, 16:32    bishkek
    0 комментарий   
    Бүгүн премьер-министрлик ээрден жылмышкан Сапар Исаков жети айдан ашуун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки тизгин бир чылбырын мыкчыганы менен жеңил-желпи эл көзүнө чайкоочулук маанайдагы иштер менен алектенгени даана байкалды.

    Ырас, ал жаш. А бирок баарын жаштыгына шылтап салуу туура болбойт го? Чү деген жерден эле быйылкы кыштагы Бишкек шаарынын тургундарынын үшүгөнү эстен кетпейт. Бишкектин ЖЭБинен чыккан аварияны болтурбай коюуга болот беле? Болот болчу. Анткени аварияны алдын алуу иштери жүргүзүлгөн эмес. Шаардыктар Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши 2014-жылдан башталганын жакшы билишет. Ошондон бери не болду? Жыйынтыгы жок. 386 миллион доллар сарпталып, бирок ЖЭБдин үчтөн бири гана жаӊыланып, ошол эле кезде жаӊы бөлүгүнө химблок курулган эмес.
    Дал ушул жагдай кыш чилдеде Бишкекти 5 күн суукка калтыруунун бирден бир себеби болуп чыкты. Авария боюнча Жогорку Кеӊеште маалымат берүүдө премьер Сапар Исаков көп каражат жумшалганына карабай энергетика тармагында абал дале оор экенин айткан. А эмне мурун бул тармакта көзөмөлдөп койгон эмес. Же анын да бул жерде кызыкчылыгы бар беле? Ырас, ЖЭБдин кызматкерлери жетекчилик менен макулдашпай туруп кампадан тузсуз сууну азайтып жиберген, анын айынан жабдыктар иштен чыкканын өз убагында аныктай алган эмес деген айыпты ЖЭБ кызматкерлерине айта берсе болот. Премьер-министр тажрыйбасынын аздыгына салып бу тармакты көзөмөлдөөнү көз жаздымында калтырган десек жүйөөсүз болот. Анткени ал өз милдетин жакшы билет. Болгону учурунда Кытай компаниясынын кызыкчылыгын коргоду деген айыптоо мурдагы транспорт министри З.Айдаров менен премьер Т.Сариевди оставкага кетиргенин эсинен чыгарып койсо керек?
    Көсөөнүн акылы түштөн кийин болуп Бишкектиктерге жууркан тараткан менен миллиондогон акчалар алкымга кирип кетип жатпайбы. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Бишкек жылуулук борборунда иштеген кытайлык ТВЕА дагы жаман компания эмес экен. Болгону кыргыздар кандай заказ беришсе ошондой жасап беришиптир. Анан албетте энергетика жаатындагы төбөлдөрдүн аттиштерди 600 доллардан жазышы абийирге сыярлык иш болбой калды. Айтор С.Исаков ТЭцтеги авария боюнча жууркан тараптып коюп эле жоопкерчиликтен кутулгусу бар окшойт.скачать dle 12.0

    Maalymat.kg



    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив