Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Атамбаев Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн баш тартты

Атамбаев Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн баш тартты

11 окт 2019, 15:34    bishkek

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 14-октябрга жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын журналисттерге берген маалыматы боюнча, соттук жыйындын жылдырылышына айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук процесске келүүдөн баш тартканы себеп болду.
- Алмазбек Шаршенович Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты. Алмазбек Атамбаев буга чейин эле «бул оюнда бийлик ага берген ролду аткарбайм» деп билдирген, - деди Слесарев.
Сотко мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева да келишти. Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин айтып келген эле маалыматтарды айтып бергенин билдирди. Ал эми Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Сергей Слесаревдин айтымында, бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.
Калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы башка.
Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив