Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Тажикстанда күмүш кенин иштетүүдөгү айрым шарттар белгилүү болду

Тажикстанда күмүш кенин иштетүүдөгү айрым шарттар белгилүү болду

10 окт 2019, 08:55    bishkek
Тажик бийлиги Мургаб районундагы «Якчилва» күмүш кенин кытайлыктарга иштетүү үчүн берип, бирок келишимдин шарттарын толук айткан эмес. Бул арада «Азаттыктын» тажик кызматына кол коюлган келишимдин көчүрмөсү тийди.
Документке ылайык, кытайлык «Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент» компаниясы 2037-жылга чейин күмүш казууга уруксат алган. Буга чейин тажик өкмөтү парламент жыйынында 7 жылдык мөөнөт жөнүндө гана сөз кылган.
2019-жылы 1-октябрда тажик парламентинин төмөнкү палатасы күмүш кенин кытай инвесторлоруна берүүгө макул болгон.
«Якчилва» кениндеги күмүштүн кору боюнча ар түрдүү маалымат бар. Парламенттик талкууда кендин запасы 113 тонна деп бааланса, айрым басылмалар Геология башкармалагына таянуу менен 205 тонна күмүш бар экенин жазып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик болсо «Якчилвада» 414 тонна күмүш бар деп эсептейт. Келишимде болсо бул тууралуу маалымат жок.
Келишим боюнча инвестор алгачкы үч жылда жумуш орундарынын 40% тажикстандыктар, 60% чет өлкөлүк адистер менен толуктайт. Үч жылдан кийин жергиликтүү персоналдар 80% чет өлкөлүктөр 20% пайызын түзүшү керек. Учурда кенде 106 киши иштөөдө, алардын ичинен 70и Кытай, 36сы Тажикстан жараны.
Буга чейин кытайлык компания жумушчулардын орточо айлык акысы 260 доллардан ашарын маалымдаган. Бирок айрым булактар бул убактылуу жумуш экенин, кен өтө бийик жерде жайгашкандыктан, кыш мезгилинде иштөө мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө.
Тажикстанда алтын кендеринин 80 пайызын тажик-кытай биргелешкен компаниялары иштетет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив