Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » АКШда чалгын кызматкери жашыруун маалыматтарды ММКларга берүү айыбы менен камалды

АКШда чалгын кызматкери жашыруун маалыматтарды ММКларга берүү айыбы менен камалды

10 окт 2019, 08:54    bishkek
АКШ прокуратурасы Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын кызматкери Генри Фризди жашыруун маалыматтарды журналисттерге бергени үчүн камакка алды.
Айыпталуучу 2018-2019-жылдардагы улуттук коопсуздукка байланыштуу маалыматтарды кабарчыларга берген. Маалымат аты аталбаган чет өлкөнүн куралдануу системасына тиешелүү болгон жана кеминде сегиз материалда колдонулган.
Божомолдор боюнча Фриз журналисттердин бири менен романтикалык мамиледе болгон. ФБР анын эки кабарчы менен телефондук сүйлөшүүсүн тыңшап, Твиттердеги жеке кат алышууларын да окуган.
Юстиция министрлиги журналисттин, ал иштеген басылманын жана жашыруун маалымат камтылган чет өлкөнүн атын атабай турганын билдирди.
Генри Фриз АКШ Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын контртеррордук бөлүмүнүн талдоочусу болуп иштеген. Ал шаршемби күнү эртең менен жумушка келгенде кармалды. Фриздин күнөөсү аныкталса, 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
АКШ Юстиция министрлиги акыркы эки жылда алты кишини жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга айыптаган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив