Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Түркия Сириянын түндүгүндө аскердик операциясын баштады

Түркия Сириянын түндүгүндө аскердик операциясын баштады

10 окт 2019, 08:53    bishkek
Түрк аскерлери Сириянын түндүгүндө аскердик операция баштады. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Эрдоган билдирди.
Жортуул “Тынчтык булагы” деп аталды. Түрк лидеринин айтымында, анын максаты – “Ислам мамлекети” террордук тобуна жана аймактагы куралдуу күрд кошуундарына каршы күрөшүү.
Операциянын жүрүшүндө Анкара сирия-түрк чек арасында коопсуздук зонасын камсыздайт. Эрдогандын айтымында, муну менен сириялык качкындардын үйлөрүнө кайтышына шарт түзүлөт.
Бул арада CNN журналисттери Сириянын түндүгүндө жардыруулар болуп, согуштук авиация колдонулуп жатканын кабарлашты.
Сириянын демократиялык күчтөрү, күрд жана араб аскер кошуундары АКШ башында турган эл аралык коалицияга жана БУУга кайрылып, Сириянын түндүгүндө учак учпай турган зона түзүүгө чакырышты. Алардын пикиринде, Анкаранын жортуулу “гуманитардык катастрофага” алып келиши ыктымал.
Сирия ТИМи буга чейин Анкаранын алардын аймагында “коопсуздук зонасын” түзүү аракетин “эл аралык укукту” бузуу катары сыпаттаган.
Мындан үч күн мурун АКШ президенти Доналд Трамп Эрдоган менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин Анкаранын операциясына аралашпай турганын айткан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив