Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » 2020-жылдан тарта тыштан ташылган автоунаалардын бажы төлөмү көбөйөт

2020-жылдан тарта тыштан ташылган автоунаалардын бажы төлөмү көбөйөт

10 окт 2019, 08:51    bishkek
Мамлекеттик бажы кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт.
Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйүп. наркы асмандайт.
Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.
Мындан улам Мамлекеттик бажы кызматы тыштан унаа алдырып келип айдап жүргөндөр автоунааларын жаңы жылга чейин бажылык тариздөөдөн өткөрүп алсын. Автоунааны тыштан алып келүүгө буюртма бергендер дагы жогоруда көрсөтүлгөн убакытты эске алышсын деп эскертти.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.
Экономика министрлиги ЕАЭБдин келишимине ылайык, Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укугу бар экенин кабарлаган.
Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 30-сентябрына чейин ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн 17 304 автоунаа ташылып келген. Алардан 1 млрд. 659 млн. 439 миң сом бажы алымы түшкөн.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив