Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Синтетикалык балык уулоочу торлорду колдонгон браконьерлердин жаза жоопкерчилиги такталууда

Синтетикалык балык уулоочу торлорду колдонгон браконьерлердин жаза жоопкерчилиги такталууда

09 окт 2019, 13:43    bishkek
Жогорку Кеӊеште курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков.
Депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканын эске салып, ошондон улам мыйзам долбоору аркылуу КР Жазык кодексине, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, КР Бузуулар жөнүндө кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр сунушталып жатканын билдирди.
“Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар браконьерлердин ондогон километрлер менен өлчөнүүчү балык уулоочу торлорду суудан алып чыгууда. Мисалы, Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн бир гана рейдде көлдөн 11 километр синтетикалык балык уулоочу торлор алынган”, - деди ал.
КР Бузуулар кодекси:
балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жагынан жаңы берене менен толукталат, анын 2-категориядагы айып пул салуу түрүндөгү санкциясы бар.
КР Жоруктар кодекси:
кыйла зыян алып келген балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жагынан жаңы берене менен толукталат, анын белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү санкциясы бар.
КР Жазык кодекси:
балык уулоочу синтетикалык торлорду пайдалануу менен балык уулоону мыйзамсыз деп табуу жагынан толуктоолор киргизилет.
Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдой турганын, ошондуктан курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин жогорулатууга билдиришти.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив