Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Тобокелчиликтин санын кыскартуу жолу менен камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыздоо маселеси тармактык комитетке кайтарылды

Тобокелчиликтин санын кыскартуу жолу менен камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыздоо маселеси тармактык комитетке кайтарылды

09 окт 2019, 12:37    bishkek
Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дасатан Бекешев 2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.
Мыйзам долбоору, барынан мурда, мыйзамда камтылган тобокелчиликтин санын кыскартуу жолу менен камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга жана бардык камсыздандыруу уюмдарына милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу укугун берүүгө багытталган. Ошондой эле мыйзам долбоору менен тараптардын макулдашуусу боюнча турак жайдын сапатына жараша камсыздандыруу суммасынан 10% өлчөмүндөгү камсыздандыруу франшизасын (франшиза – милдеттүү камсыздандыруу келишими) белгилөөнү сунуш кылат. Камсыздандыруу франшизасы камсыздандыруу учуру жаралганда камсыздандыруучуга төлөп берилбеген акча суммасы болуп саналат. Ал камсыздандыруу уюмунун тобокелчилигин азайтууга жана камсыздандырып ордун толтурууга чыгымдарды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мыйзам долбоору менен мыйзамдын 8-беренесиндеги камсыздандыруу учурларынын суу каптоо, узак жаан, жер алдындагы суунун деӊгээлинин жогорулашы, катуу жаан сыяктуу бир катар түрлөрүн алып салууну сунушталууда.
Талкууда турак жайларды камсыздандырууда майыптар, Чернобль апаатынын катышуучулары сыяктуу калктын айрым аялуу катмарына камсыздандырууга 50% жеӊилдик берилери айтылды. Ошону менен катар адам факторунун таасири менен болуучу кырдаалдар, селге айланганга чейинки катуу жаан жаратылыш кырсыктарынын тизмесинен алынып салынгандыгы такталды.
Бир катар депутаттар күндөп-түндөп жааган кар, катуу төккөн мөндүр сыяктуу жагдайлар эске алынбай калгандыгын сынга алышты. Андан улам, мыйзам долбоору кайра комитетке кайтаруу чечими кабыл алынды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив