Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бир катар ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бир катар ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү

09 окт 2019, 11:43    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бир катар ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.  
Белгилүү болгондой, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алган токтомуна ылайык, оор жагдайда жашаган үй бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо, балдардын муктаждыктарына баа берүү, аларды социалдык жактан колдоо боюнча ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.
Ар бир балага кызмат көрсөтүүдө муктаждыкка берилген баанын негизинде,  оор жагдайдагы балдарды аныктоо учурунда маалыматтар базага киргизилет. Тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери көрө тургандай белги дароо пайда болот, андан кийин ыкчам чаралар кабыл алынат.
Жыйында учурда 450 социалдык кызматкер менен келишим түзүүгө кол коюу баскычына келгени айтылды.
Алтынай Өмүрбекова бул механизм тийиштүү органдарга жакшы көмөкчү болоорун жана балдар көңүл буруусуз калбай турганын эске салды.
«Муну менен бирге бул кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатат. Кеп балдардын тагдыры тууралуу болуп жаткандыгын эске алуу менен кабыл алынган чечимди ишке ашыруу боюнча иштерди активдештирүү зарыл. Жергиликтүү бийлик органдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү маселесин ыкчам тартипте карап чыгып, тиешелүү келишимдерди түзүүгө тийиш. Социалдык кызматкерлер оор жашоо шартында калган балдарды аныктоо иштерин башташы үчүн бардык маселелерди тез арада чечүү керек», – деди ал.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, бул өтө түйшүктүү иш жана Ички иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана башка тийиштүү органдар тарабынан биргелешкен аракеттерди талап кылат.
Ал тиешелүү мамлекеттик органдарда жашоо шарты оор ар бир бала тууралуу, кайда жашай тургандыгы, кандай жардам көрсөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат болсо, анда мүмкүн болгон тобокелдиктердин алдын алууга жеңил болорун кошумчалады. скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив