Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту

08 окт 2019, 16:32    bishkek
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы өлкөлөр боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту.
Өкмөт башчы Бүткүл дүйнөлүк банктын өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндөгү жана республикадагы жакырчылыктын кыскарышындагы маанилүү ролун белгилеп, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
«Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Биз үчүн олуттуу болгон социалдык-экономикалык маселелердин чечилишиндеги жемиштүү кызматташууга ыраазычылык билдиребиз. Өлкөнүн тышкы карызы акыркы үч жылда ИДП карата 2015-жылдагы 64% дан 34%  чейин кыскарган. Эл аралык резервдер болсо, 2014-жылдагы кризистин алдындагы деңгээлден ашып, 2,2 млрд долларга жетти. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу, 110,0 млн долларга көп», – деди Премьер-министр.
Премьер-министр Бүткүл дүйнөлүк банк жарыялаган Бизнести башкаруу – 2020 рейтингинде республика реформатор өлкөлөрдүн ТОП-20сына  кирди.
«Мамлекет аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, калкты ичүүчү таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу маселесине,  аймактарда инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүп жаткан  ишкерлерди колдоого, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жана айыл чарбасын колдоого  чоң маани берүүдө жана күч жумшоодо. Ошол эле учурда Өкмөт Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүү үчүн болгон күчун жумшайт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы өлкөлөр боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук өлкөдөгү оңдуу өзгөрүүлөргө, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгынын оң натыйжаларын кубануу менен белгиледи.
Ал аймактарды өнүктүрүү, билим берүү чөйрөсү жана салыктык башкаруулар боюнча даярдалып жаткан бирдиктүү долбоорлор тууралуу айтты.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы үчүн бекитилген лимиттеги 110 млн доллар көлөмүндөгү кошумча инвестиция  тартуу маселесин да талкуулашты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт Бүткүл дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө жолдоо үчүн долбоорлорду иштеп бүтүрүүнү тездетүүгө даярдыгын жана Кыргыз Республикасы менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташуу мындан ары дагы жемиштүү болооруна ишеним артаарын белгиледи.
Белгилей кетсек, жолугушууга Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар да катышты.
  скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив