Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Түркия Сириядагы күрддөргө абадан сокку урду

Түркия Сириядагы күрддөргө абадан сокку урду

08 окт 2019, 15:46    bishkek
Түрк авиациясы Сириянын түндүк-чыгышындагы күрддөрдүн позициясына сокку урду. Бул тууралуу Ливандын Al-Mayadeen телеканалы жана сириялык ММКлар билдиришти.
Чабуул күрд куралдуу топторунун башкы кеңсеси жайгашкан Хасака провинциясында болгон. Курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Буга чейин Түркия президенти Режеп Эрдоган түрк аскерлери Евфрат дарыясынын чыгышындагы аймактарда аскердик операция баштоого даяр экенин жарыялаган.
Түркия тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Иран ТИМ башчысы Мухаммед Жавад Зариф менен телефондук сүйлөшүүсүндө түрк армиясынын аракети убактылуу экенин, Анкара Сириянын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын айтты.
Сириядагы күрддөр – «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүүдө АКШнын башкы өнөктөштөрү. Түркия болсо күрд куралдуу топторун террордук уюм катары эсептейт.
6-октябрда АКШ президенти Түркия президенти менен телефондо сүйлөшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Трамп Сириянын түндүгүндө аскердик операция жүргүзүүдө Эрдоганды колдобой турганын айткан. Трамптын билдиришинче, америкалык аскерлер бул операцияга катышпайт. Трамп эгер Түркия ага жакпаган кадамдарга барса, бул өлкөнүн экономикасын талкалап, жок кыларын эскерткен.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив