Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Македония президенти мамлекеттин атын өзгөртүү келишимине кол койбойт

Македония президенти мамлекеттин атын өзгөртүү келишимине кол койбойт

14 июн 2018, 08:36    bishkek
0 комментарий   
Македония президенти Гёрге Иванов өлкөнүн атын өзгөртүү боюнча Греция менен келишимге кол койбой турганын билдирди. Анын айтымында, бул Конституцияга каршы келет.
Иванов бул анын акыркы чечими экенин айтты. Президент кандайдыр бир кысымдарга, коркутуп-үркүтүүлөргө моюн сунбай турганын маалымдады. “Мен мындай кыйратуучу келишимди колдобоймун дагы, кол койбоймун дагы”,– деди ал. Македония президенти НАТОго жана ЕБга кирүү үчүн мамлекеттин аталышы өзгөртүү аркылуу соодалашпай турганын баса белгиледи.
Буга чейин Македония менен Греция мурдагы югославиялык республиканын аталышы тууралуу 27 жылдык талаш-тартыш боюнча компромиске жетишкени кабарланган. Македония премьер-министри Зоран Заев 12-июнда Афина менен Скопье Түндүк Македониянын аталышы боюнча макулдашканын жарыялаган. “Артка жол жок”, – деген Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас.
Заев келишим македониялыктардын этникалык жана маданий иденттүүлүгүн сактай турганын айткан. Ципрастин пикиринде, бул документ Грециядагы Македония провинциясы менен Македония мамлекетинин ортосундагы айырмачылыкты бекемдемек.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;