Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Президент, который всегда с народом
Издөө
» » “Өкмөттүк саатта” коопсуздук маселесине коомдун жигердүү катышуусу боюнча укуктук-ченемдик актыларга түзөтүү киргизүү зарылдыгы белгиленди

“Өкмөттүк саатта” коопсуздук маселесине коомдун жигердүү катышуусу боюнча укуктук-ченемдик актыларга түзөтүү киргизүү зарылдыгы белгиленди

13 июн 2018, 13:29    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеӊеште жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүк саат өттү.  Жыйынга КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун берген маалыматына караганда, акыркы 10 жылда 10 миӊден ашык адам каза болду. Ал эми Бишкек – Ош жолунда жалпы автокырсыктардын 57 пайызы катталган», - деп, ал акыркы мезгилде жол кырсыктарынын азая баштаганы байкалганын кошумчалады. «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу алкагында ордо калаанын көчөлөрүндө 4 тесттик видеокамера орнотулганы, жолдо жүрүү эрежелеринин 6 түрү боюнча 113 миӊден ашуун тартип бузуу катталганы белгилүү болду. «Акылдуу шаар» долбоору 2 этапта ишке ашырылат. Мисалы, анда 2018-2019-жылдары Бишкек шаары, Бишкек – Чалдыбар, Бишкек – Кемин сындуу жолдор, ал эми 2018-2020-жылдары Ош, Жалал-Абад, Каракол өӊдүү бир катар шаарлар менен жолдор камтылат», - деди ал.
Жыйын жүрүшүндө “Коопсуз шаар” “Акылдуу шаар” чоң долбоорунун бир компоненти экендиги такталды. Депутат Дастан Бекешев жолдордогу эреже бузууларды сүтөткө, видеого тартып, тиешелүү күч органдарына жиберүү менен коопсуздук маселесине коомдун жигердүү катышуусу боюнча укуктук-ченемдик актыларга түзөтүү киргизүүнү ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи. “Чоң-чоң трассалардагы кырсыктарды алдын алуу иш-чараларын күчөтүү керек”,- дейт депутат Эмилбек Токтошев.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жолдогу кырсыктар боюнча комплекстүү анализ жүргүзүлүп, анын себептери катары жолдорду абалын, жол жээктериндеги жарыктардын жетишсиздигин, айдоочулардын жол эрежелеринин жетиштүү билбешин жана жол тартибин көзөмөлдөө тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнүн атап, бул багытта аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Ошону менен катар ИИМ жол сызыктары менен жол белгилери боюнча сунуш гана берерин, аларды белгилөө, орнотуу маселелери Транспорт жана жолдор министрлиги менен муниципиалдык чарбалар тарабынан жүргүзүлөрү кошумчаланды.

Депутат Азамат Арапбаевдин пикиринде, жол эрежелерин бузгандарды жазасыз калтыруу мындай кылмыштуулуктун дагы көбөйүшүнө алып келип жатат. Чоң-чоң шаарларды байланыштырып турган трассалардагы автоунаалардын көп болушун авиция, транспорт каттамдары менен комплекстүү чечүү зарылдыгына депутат Сайдолимжон Жураев өз жүйөөлөрүн келтирди.
Мындан сырткары, бир катар эл өкүлдөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, аны жүзөгө ашырууну ыкчамдатуу, каржылоо маселесин чечүү боюнча сунуш-пикирлерин беришти.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;