Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Эмил Токтошев: «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлору жөнүндө көптөн бери айтылып келет, анысы сөз бойдон калууда, жоопкерчиликти ким алат?»

Эмил Токтошев: «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлору жөнүндө көптөн бери айтылып келет, анысы сөз бойдон калууда, жоопкерчиликти ким алат?»

13 июн 2018, 13:21    bishkek
0 комментарий   

 «Акылдуу шаар» долбоору менен «Коопсуз шаар» долбоорунун эмне айырмасы бар? Азыр кайсы долбоор ишке ашырылууда? Жогорку Кеӊеште жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүк саат өтүп жатканда, депутат Эмил Токтошев өкмөт өкүлдөрүнө ушундай собол салды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Коопсуз шаар» долбоору «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү болуп санала турганын, ал анын 10 пайызын түзөрүн белгиледи.
Депутат Эмил Токтошев Өкмөт бул долбоорлорду өз күчү менен ишке ашыра алар-албасына кызыкты. «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлор жөнүндө көптөн бери айтылып келет, анысы сөз бойдон калууда, деги жоопкерчиликти ким алат? Ишке ашыра аласыӊарбы? Долбоорлордун наркы канча?», - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр аталган долбоорлор боюнча команда түзүлгөнүн, иш жүрүп жатканын айтты. «»Коопсуз шаар» долбоору бюджеттен каржыланбайт. Мында бизге Москва шаарынын тажрыйбасы туура келет окшойт. Биз бул долбоорду катталган жол эрежелерин бузууларды бизге сата турган компанияга беребиз. Азыр мамлекет «Инфоком» мамлекеттик ишканасында башкаруу тутумун түзүүдө», - деген жообун берди Кубатбек Боронов.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;