Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Малик Нурдинов - мыйзамды сыйлаган, кесипкөй кызматкер

Малик Нурдинов - мыйзамды сыйлаган, кесипкөй кызматкер

12 июн 2018, 17:30    bishkek
0 комментарий   
2018-жылдын 11-июнь күнү «NazarNews.kg» маалымат агенттигинин сайтында Майрамбек Каримов тарабынан «Малик Нурдинов Кашкар менен Сүйүндү көзгө илбей, бар чүкөңдү алыс ойногула деп койгонбу?» деген аталышта маалымат жарыяланган.

Анда автор бул маалыматты Ош ОИИБнин ардагерлери жана кызматкерлери тарабынан жазылгандай боек берип, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркаткан.

Биринчиден Ош ОИИБнин кызматкерлери бул маалыматты жазбагандыгын расмий түрдө билдиребиз. Экинчиден Малик Нурдинов Ош ОИИБге алгачкы жолу келип жаткан жок. Ал буга чейин Ош ОИИБде катардагы ыкчам өкүлдөн бөлүм башчы, начальниктин орун басарлыгына чейинки кызматтарда иштеп, андан кийинки кездерде деле кайсыл жерде иштебесин Ош ОИИБнин өздүк курамы менен тыгыз байланышта болуп келген. Ошондуктан бул жерде ал жетекчи болуп келип эле бөлүп жарып ашмалтайын чыгарды дегенге негиз жок жана чындыкка дал келбейт. Малик Апсаматович Нурдинов Ош ОИИБнин башчылыгына келген күндөн баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев менен биргеликте Ош облусунун бардык райондорун кыдырып чыгышып, өздүк курамдын жана ардагерлердин жашоо жарттары менен жакындан таанышышты. Андагы калк менен жолугушту. Көйгөйлүү маселелрди жеринде тактап, тез арада ошол көйгөйлөрдү чечүү боюнча министр тапшырма койду. Учурда ошол тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Айрымдары четинен ишке аша баштады.

Чыныгы камкор жетекчи катары өздүк курамдын арасындагы көп балалуу турмуш шарты оор кызматкерлер үчүн эл аралык кайрымдуулук фонддор аркылуу жардам көсөттү,ошондой эле өзүнө бөлүнүп берилген кызматтык үйдү катардагы милиция кызматкерине өткөрүп берди. Ошондой эле кызматтык автоунааларды бөлүштүрүүдө натыйжалуу пайдалануу боюнча кайрадан карап чыгып, жетекчилик кызматтардагы кызматкерлердин кызматтык автоунааларын калк менен жакындан иштешкен катардагы кызматкерерге кайрадан бөлүштүрүп берүүнү колго алды.
Жумуш орундары иретке келтирилип, алыскы айылдардагы милициянын ыйгарым өкүлдөрүнө шарттарды түзүп берүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзө баштады. Кызматтык орундарга дайындоодо Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын кызматтык жобосуна ылайык иш алып барууда өз алдынча эч кимди жумуштан алып жумушка дайындай элек. Жетекчи катары кадрларды дайындоодо коррупциялык элементтерге жол бербөө боюнча талапты катуу коюп, чыныгы кесипкөй кызматкерлерди регионуна карабай жердешчиликке тааныш-билишке жол бербеген принцип менен ишин баштаганы айрым бир кызматкерлерге жакпай жатышы мүмкүн. Бирок Ош ОИИБнин дээрлик 100 пайыз кызматкерлери Малик Нурдиновдун иш ыкмасын кубаттап колдойбуз. Ал буга чейин деле уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүүдө өзүнүн чыныгы кесипкөй кызматкер экендигин далилдеп келген. Бул сапаттарын биз кесиптештери айпасак деле эл жакшы билет.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер органынын кызматкери катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилерине баш ийет жана ИИОнун жоболорунун талаптарына ылайык иш алып барат. Бул жерде министрди да анын биринчи орун басарын да көзгө илбейт деген маанидеги автордун маалыматын жалган жалаа жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку даражадагы жетекчилиги менен Малик Нурдиновдун ортосуна жаккан чагымчылдык аркети катары баалайбыз. Автор жазгандай Ош облусунун СКМнин башчысы Н.Жаанбаев кол алдындагы кызматкери Эрнис Абдыжапаров менен пикир келишпей чатакташкан фактысы М.Нурдиновдун жеке көзөмөлүнүн астында ачыкка чыгып олтурат.
Ал окуя боюнча учурда тиешелүү органдар тарабынан иликтөөлөр жүрүп жатат. Бул окуянын чын төгүнүн толук билбей туруп жалпы өздүк курам арасында Малик Нурдиновдун кадыр-баркы тууралуу баа берүүгө автордун моралдык да мыйзамдуу да укугу жок. Анын ишке жөндөмдүүлүгү жана өздүк курам арасында кадыр баркына баа берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй тийиштүү органдар бар. Журналистиканы аркалап келген төбөсү таанылып калган Майрамбек Каримов мырза имиштерге таянып жазганы бизди таң калтырууда. Макаланы даярдоодо эки тараптуу пикирди бирдей чагылдырса болмок. Чыныгы кесипкөй журналист кандай маалымат келсе да, расмий булактардан тактап, эки тараптуу чагылдырып, канчалык деңгээлде чындыкка дал келээрин иликтейт. Өз кызыкчылыгы үчүн Алланын ыйык күндөрүндө коомчулукка жалган маалыматтарды таркатууга далаалаттанган пенденин өз абиирине койдук.
Ош ОИИБнин өздүк курамы.
Ош ОИИБнин басма сөз кызматы.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;