Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Издөө
» » Бишкекте 2,9 миң доллардан төлөгөн чет өлкөлүк студенттер окуудан чыгарылды

Бишкекте 2,9 миң доллардан төлөгөн чет өлкөлүк студенттер окуудан чыгарылды

12 июн 2018, 17:22    bishkek
0 комментарий   
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги кызматкерлердин алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Каржы полициясына 50дөн ашык чет өлкөлүк студент кайрылып, 2017-жылдын сентябрынан бери ар бири окуу үчүн 2 900 доллардан (жалпысынан 145 миң доллардан ашык) төлөгөндүктөрүн билдиришкен. Бирок бул үчүн дүмүрчөктөр берилбей, акчалар кассага түшкөн эмес. Жыйынтыгында студенттер контракт төлөбөгөндүгү үчүн деп окуудан чыгарылган.
Мекемеден тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуу жайдын аталышын айтуудан баш тартышты.

Бул иш боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө учурда окуу жайдын бул ишке тиешеси бар жетекчилерин аныктоодо.
Кыргызстанда жалпысынан 51 жогорку профессионалдык билим берүү мекемеси иштейт. 2017/2018 окуу жылынын башында аларда 162 миңден ашык студент окуган.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;