Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Аида Джумашова журналист: Атамбаевдин тарапташтары медалдын сол тарабын эмнеге айтышпайт?

Аида Джумашова журналист: Атамбаевдин тарапташтары медалдын сол тарабын эмнеге айтышпайт?

10 сен 2019, 17:05    bishkek
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бийликти бир тараптуу эле күнөөлөй бербей, эмнеге өзүлөрунун күнөөсун да айтышпайт? Мындай суроо менен 24 kg агенттигинин журналисти Аида Джумашова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан Атамбаевдин тарапташтарына кайрылды.
«Жанга батты. КСДП да отурган жолдоштор, силердин бул кайрылуунарды аша чапкандык катары бааладым. Себебин тушүндүрөйүн. Силер атайын багыттагы кызматкерлер унааларды талкалап, элди ур-токмокко алды деп жатасыздар. Макул, ошондой болду дейли, бирок сиз өзүнөрдүн кайрылуунарда тарапташтарынар да сүттөн ак эмес экенин эмнеге айтпайсыздар?
Эмне үчүн сиздер АША нын тарапташтары айылга кирүүчү жана чыгуучу жолдорду тосуп салгандыгын айтпайсыздар?  Эмне үчүн сиздер тарапташтарынар Бишкектин көчөлөрүндөгү “Коопсуз шаардын” камераларын талкалап, банктардын терезелерин таш менен уруп, жол –кайгуул кызматынын унааларын талкалоого аракет кылгандарын айтпайсынар?
Сиздердин айтканыздарга ишенсек, 7 август күнү дарыгерлер жаракат алган адамдарга тыкчам түрдө жардам корсөткөн эмес дейсиздер. Бирок мен күбө катары, 7 август күнү Кой-Таштагы эл катары жаракат алган жаран катары айта турган болсом, мага да, ошол жердеги адамдардай эле медиктер тезинен медициналык жардамын беришти. Андыктан, калпты да кудайды карап айтсанар. А эгерде врачтар өз убагында жардам көрсөтпөгөн болсо, анда ага өзунөр күнөөлүүсүңөр. Себеби силердин тарапташтарынар “Тез жардам” кызматынын унаасын токтотуп, ичинде милиция кызматкерлери барбы деп аңдыганынардан улам медиктер оорулууларга убагында жете албай кыйналышты. Же силер муну да унутуп калдынарбы?
Анда эсиниздерге салайын. Сиздердин тарапташтар атайын багыттагы кызматкерлерди токмоктоп, шылдынга алганыңарды бат эле унутуп калыптырсынар.
Анан да Кой-Ташта аялдардын жана жаш балдардын жүрүшү кооптуу деген билдирүүлөрдү эске албагандыгынар таң калтырат.
P.S: АША нын кармалуусунун мыйзамдуу же мыйзамсыз экендигине юристтер өз жообун беришти.
Эскерте кетсек, бүгүн КСДП партиясы Башкы прокуратурага кайрылуу жасап, анда бийлик  мурунку президент Алмазбек Атамбаевди мыйзамсыз камаган деген оюн айтып, бул операцияны жүргүзгон күч органдарынын жетекчилеринин жана Башкы прокурордун отставка кетип, аларга карата кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив