Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

13 авг 2019, 15:44    bishkek

Шашылыш билдирүү

Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 14-15-августтарда жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Аткарылган иш-чаралар:Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 9-август күнү №02-34/722-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.


I.Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II.Техногендикмүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

IV.КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 39 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 40 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.


13-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району.9-август күнү саат 11:30 чамасында Ананьево айылында Чет-Бай-Соорун тоосунун боорунда ачык аянтта куураган чөп жана бадал, карагайлардан өрт чыккан.

Тартылган күч жана каражаттар:КР ӨКМнен 76 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Ысык-Көл облустук токой чарбасынан 70 адам, КР ГШ №75564 а/б 20 жоокер, жалпы 181 адам

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:Өрттү өчүрүү иш-чаралары кеч киргендигине байланыштуу саат 20:30да убактылуу токтотулган. 13-август күнү өрт өчүрүү иш-чаралары улантылат.


Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-август күнү саат 23:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой, Кыргызстан, Жийде, Кайрат, Ак-Терек айылдарында 6 балл, Салам-Алик, Ор-Казган, Ара-Көл, Эркин-Тоо, Красный-Маяк, Жылалды, Мырзаке айылдарында жана Өзгөн шаарында 5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Сузак, Калмак-Кырчын айылдарында 4 балл, Жалал-Абад облусунун Масы, Казарман айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Коңшу жана алыскы мамлекеттердин аймагында табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок




Куткаруу кызматтары боюнча

Бишкек шаары

Свердлов району.Куткаруучулар Гоголь көчөсүндө жайгашкан №11 үйдүнбатиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

Чүй облусу

Аламүдүн району.Ала-Арча коктусуна 11-август күнү эс алууга чыккан жарандардын бири1993-ж.т. Ш у. А.аттуу бала дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 5 кутаруучу тартылып, саат 13:30да табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Абалы канааттандырарлык.

Баткен облусу

Баткен шаары.саат 19:00 чамасында каналга1976-ж.т. Т.Т.аттуу эркек киши түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине 13 куткаруучу тартылып, саат 21:20 чамасында каналдан жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив