Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Чолпон Жакыпова, «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси: «Тараптардын бири кайрат табып, алдыга кадам жасашы зарыл»

Чолпон Жакыпова, «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси: «Тараптардын бири кайрат табып, алдыга кадам жасашы зарыл»

13 авг 2019, 14:50    bishkek

Жогорку Кеңеш каникулга кетер алдында 103 добуш менен Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынын алган. Андан кийин тергөө органдары өз процедураларын аткарып, күбө катары үч ирет суракка чакырды. Бирок Атамбаев бирине да барган жок. Атамбаевдин суракка келбей жатканынын себебин билүү үчүн ИИМ башчысынын орун басары Мирлан Каниметов үйүнө барса, киргизбей койду. Атамбаевдин мыйзамды сыйлабай жатканы коомчулукта нааразы пикир жаратууда. «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакыпова төмөнкүдөй оюн билдирди.


--Укуктун принциби – жазадан качуу болбостугу, баарынын мыйзам алдында бирдей болушунда. Ошондуктан, башында бирөөнүн пайдасы үчүн кабыл алынган ушундай нормалардын укуктук туундусу (натыйжасы) келип чыгат. Экс-президенттин абсолюттук кол тийбестигин киргизген мыйзам ченемдери башынан эле укуктун теориясына жана логикага туура келбейт. Адам абсолюттук кол тийбестикке ээ боло албайт. Алмаз Шаршенович өзү бир нече ирет мыйзам бузган. Мындан улам, азыр ал мыйзамга баш ийбей жатканына таң калбай элемин. Маселенин баары иш жүзүндө карама-каршы келген мыйзамдар жаман, терс саясий жыйынтыктарга алып келишинде болууда. Учурдагы кырдаалдан чыгуунун жолу жөнөкөй – тараптардын бири кайрат табып, алдыга кадам жасашы зарыл. Болбосо азыркы жагдай көпкө созулушу мүмкүн. Ал акыр-аягы эрктүүлүк кылып, мыйзамдардын талабына баш ийип жана укук коргоо органдарына коркпой бара турган Атамбаев болобу, кайсы тарап экени маанилүү эмес. Ал өзү ушул системаны түзүп, дайыма биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз деп айтчу. Бул укуктук кырдаалды өзү түзгөн. Ал соттук реформаны мыкты жүргүзгөнүн, соттук системаны коррупционер менен уурулардан тазалаганын айтчу. Эми барып, баш ийсин, эмнеден коркот? Аны азырынча күбө катары чакырып жатышпайбы. Болбосо эрктүүлүк кылып: "Жаманды" (укук коргоо жана соттук системасын) мен жараттым, ошондуктан бул "жамандан" корком. Анткени, убагында аларды өз ыгыма келтирип, алардын кандай иштей турганын билем" деши керек. Болбосо, экинчи тарап эрктүүлүк кылып, кийинки аракетке барышы керек.

Булак: "Де-Факто"



скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив