Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Изденүү менен жаратмандыкты айкалыштырып курулуш тармагына даңгыр жол салган Бейшенбек Иманалиев

Изденүү менен жаратмандыкты айкалыштырып курулуш тармагына даңгыр жол салган Бейшенбек Иманалиев

13 авг 2019, 14:25    bishkek

Жыл сайын август айынын экинчи жекшембиси курулушчулардын майрамы катары белгиленип келет. Быйыл 11-августга туура келип олтурат. Мына ушул «курулуш» деген бир ооз сөздүн түпкүлүгүндө бүтүндөй жашоонун, тарыхтын өзөгү камтылылып жатканы талашсыз эмеспи. Бүгүнкү курулуш эртеңки тарых дегендей...


Кудайдын кулагы сүйүнсүн өлкөбүздө, айрыкча борборубузда курулуштар күн санап көбөйүп, шаардын көркүнө көрк кошуп, көз жоосун алган заманбап имараттар менен борборубуз шөкөттөлүп атат. Биз курулушчулардын майрамын утурлай кыргыздын жаратман уулу Бейшенбек Иманалиев тууралуу сөз кылгыбыз келди. Бейшенбек Иманалиев десе «Имарат Стройду», «Имарат Строй» десе Бейшенбек Иманалиевди түшүнөбүз. «Имарат Строй» менен баштаган Бейшенбек Султанович бүгүн канатын жайып бир топ курулуш компанияларды негиздеди. Элге мыкты сапаттагы үй куруп, аны менен бирге миңдеген жумушчу орундар менен камсыздап жатканы эмне деген эмгек? Эмне деген сыймык?


Бейшенбек мырза ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт. Анан оюна топтоп, акыл-көрөңгө менен бышкан идеасын ишке ашырууга белсенет. Маселен, борбордогу өзгөчө стил менен салынган «Империал турак-жай комплекси» салынып бүткөндө биртоп адамдарды таң калдырганы эсибизде. Көчмөн кыргыздар ушундай өзгөчө жасалга, өзгөчө долбоор менен көп кабаттуу үйдү кантип салды деген таңыркоо болгону чындык. Мына ушундай ак эмгектен баар тапкан Бейшенбек Иманалиев изденүү менен жаратмандыкты айкалыштырып курулуш тармагына даңгыр жол салганын эч ким тана албайт.


Бейшенбек Иманалиев 1996-жылы “Бабай Ата” деген ат менен азыркы “Имарат Строй” курулуш компаниясын негиздеп, курулуш тармагынын чоң жолунаалгачкылардан кадамын таштаган болчу. Бирок, бул курулуш мекемесинин ал убакта жарытылуу деле техникасы болгон эмес. Бирок, Бейшенбек Султанович өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү жана айланасына мүдөөлөш профессионалдарды чогулта билгендиги менен “Имарат Стройду” кыска убакытта алдыңкы позицияга алып чыгууга жетишкен. Кыска убакытта курулуш чөйрөсүндө ишенимге ээ болгондуктан, борборубуздагы “Хаят” мейманкансынын капиталдык ремонтун, Улуттук банктын имаратынын капиталдык ремонтун жана башка ондогон объектилердин ремонтторун жасоого жана уникалдуу “Калипсо” аквапаркын, ошондой эле борборубуздагы №8 музыкалык мектептин имаратын курууга үлгүргөн.


Компания курулуш жана монтаждоо иштериндеги жогорку сапаты менен “Манас” Транзиттик Борборунун (АКШнын аскер авиабазасы) бир нече тендерлерин жеңип алып, AGE самолетторду тейлөөчү имаратын, насос станциясынын имаратын, PERSCO эки кабаттуу имаратын, медклиниканын эки кабаттуу имаратын ж.б. куруп бүтүргөн. 2014-жылы АКШнын бул авиабазасы биздин аймактан чыгып кеткен соң,бул объектилердин баары Кыргызстандын менчигине өтүп,анын баарын азыркы учурда КР Улуттук гвардиясы ийгиликтүү колдонууда. Мындан сырткары 2007-жылы Бишкекте ШКУга катышуучу-мамлекет башчыларынын саммитин кабыл алууга даярдык көрүлүп жаткан учурда “Имарат Строй” ЖЧКнын адистери аябагандай жогорку профессионализмди жана күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, кыска мөөнөттүн ичинде 9 миллион сомдук айрыкча маанилүү курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга үлгүрүшкөн. 2015-жылы Кочкор районунун Ак-Жар жана Чекилдек айылдарында эң кыска убакытта 275 орундуу мектептердин курулуштарын бүтүрүп берген. Мындан сырткары Нарын шаарындагы Жүмамүдүн Шералиев атындагы искусство мектеби да “Имарат Строй” тарабынан бүткөрүлгөн. Мамлекеттик план боюнча курулушу үч жылда бүтүүчү бул мектептер компаниянын каражатынын эсебинен мөөнөтүнөн алда канча эрте ишке киргизилген. Анткени, балдар билим алуучу мектептердин курулушу эч убакта кечикпеши керек –деп эсептөөчү Бейшенбек Султанович. Мына ушундай иши менен анын жүзү эл алдында жарык болууда.

Бейшенбек Иманалиев жетектеген “Имарат Строй” курулуш компаниясынын ишинин маанилүү багыттарынын бири Бишкек шаарына турак үйлөрдү салуу болуп саналат. Компания борбор калаабызга 20 турак үйдү тургузууга жетишкен. Бул компания биринчи кезекте турак үйдүн бекем курулушуна көңүл бургандыгы талашсыз. Борбор калаабыздагы “Имарат Строй” тарабынан ар кыл архитектуралык стилдер менен курулган “Олимп”, “Эдельвейс”, “Престиж”, “Премьера”, “Тихий центр”, “Империал”, “Версаль”, “Алтын Булак” ж.б.аттуу имараттар көздүн жоосун алууда.


Бешенбек мырзанын Кыргыз курулушунун өнүгүшүнө кошкон салымы бараандуу деп айтсак болот. Ал үзүрлүү эмгеги үчүн ВЛКСМ БКнын ардак грамотасы, “Эмгектеги күжүрмөндүгү” медалы, “Ата Түрк- Мустафа Кемаль” Эл аралык алтын медалы ж.б. эл аралык алтын медалдар, “КР Ардактуу куруучусу”, “КР эмгек сиңирген куруучусу”, “Нарын областынын жана Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамдары ж.б. көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган.

“Имарат Строй” ЖЧК жылына “Имарат Строй Групп” Ассоциациясы менен биргеликте салык катары 41,5 миллиондон кемэмес сомду мамлекеттик казынага чегерип турат. Салыктарды өз убагында төлөп тургандыгы, КРнын бюджетинин киреше бөлүгүн түзүүгө кошкон орчундуу салымы, салык мыйзамдарын абийирдүүлүк менен аткаргандыгы үчүн компанияга 2015-жылы алдыңкы салык төлөөчү Сертификаты тапшырылган. “Имарат Строй” ЖЧК кайрымдуулук иштерине үзгүлтүксүз көңүл буруп келет. 2-3 миллион сомдун айланасындагы материалдык жардамдарды көрсөткөнү маалым. Ал эми 2015-жылы Бишкек шаарындагы медициналык тез жардамдын биринчи станциясына БУС Мерседес-Бенц 310Д маркасындагы автомобилди бекер тартуулаган. Мунун өзү адамдардын ден соолугу үчүн көрүлгөн камкордук эмеспи.


Иманалиевдин дагы бир өзгөчөлүгү, ал Кыргызстандагы кыргыз тилине күйүмдүү адамдардын алдыңкы катарында. Дегенибиз, “Кыргыз тили” коомунун вице-президенти болуу менен коомго материалдык жактан болобу, моралдык жактан болобу колдоосун көрсөтүп келүүдө. Эсибизде, жыл мыктыларынын бир кечесинде КТРКнын кыргыз тилинде жаңылык алып барган орус кызы Елена Черномазовага материалдык колдоо көрсөтүп, кыргыз тилин даңазалаган орус кызына ыраазчылыгын билдирген. Чындыгында Бешенбек мырза, улуттун каада-салтын, үрп-адатын анан улутту улут кылып турган тилин даңазап жүргөн мекенчил атуул. Жөнөкөй эле мисал, чөнтөк телефонуна чалсаңыз чакыруу үнүнүн ордуна айтылуу Коргол Досуевдин «Ак Бакай» күүсүн угасыз. Бейшенбек Султановичтей мекенчил атуулдарыбыз арбый берсин…


Нургазы Айтмырзаев
Булак: "Де-Факто"скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив