Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Чубактын кунундай чубалган НДС боюнча соттук ишке чечим чыкты

Чубактын кунундай чубалган НДС боюнча соттук ишке чечим чыкты

13 авг 2019, 13:39    bishkek

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Коррупция», «Салыктан качуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча айыпталып жаткан 13 киши боюнча 5-августта өз өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, Замирбек Ниязалиев, Кубанычбек Кумашов, Арстанбек Мелсов, Эсенгул Кенжебаев, Айнура Байгазиева, Медетбек Рыскулов жана Максатбек Бекиров 11 жылга кесилди. Дильбара Боронбаева менен Баязит Азизбеков 14 жылга эркинен ажыратылды. Алмазбек Сагынбековго 13 жыл белгиленди. Султан Сабырбек уулу төрт жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Алишер Ишматовго үч жыл берилди. Булардын жаза мөөнөтү кармалган күндөн баштап эсептелет. 13 кишинин арасынан Арзыгул Омеркуловдун күнөөсү жок деп табылып, акталды. Тергөө учурундагы айыпталгандардын үй-мүлкү камакка алынган чечим өзгөртүлгөн жок. Азизбеков, Мэлсов, Сагынбеков, Кумашов, Боронбаева, Кенжебаев, Байгазиева, Бекиров, Рыскулов, Ниязалиев жана Сабырбек уулуна материалдык чыгым катары 310 млн. 281 147 сом мамлекеттин пайдасына чегерилсин деген чечим чыкты. Ошондой эле чечим менен Азизбеков жана Ишматовдан 239 млн. 183 598 сом мамлекеттин пайдасына чегерилмекчи.


Эске сала кетсек, 2018-жылы УКМК атайын операциянын негизинде чет өлкөлүк жалган фирмалардын жасалма документтерин жана мөөрлөрүн таап, аталган кыңыр иште мамлекеттик бюджет 600 млн. сомдон ашуун зыян тартканын аныктаган. Тагыраагы, «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларынын жетекчилери салык жана бажы кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, өлкө бюджетинен 393 млн. сомду мыйзамсыз алышкан, мындан тышкары 239 млн. сомдон ашуун салык төлөшкөн эмес. Бул иш боюнча 13 кишиге кылмыш иши козголуп, алардын ичинде Мамлекеттик салык кызматынын алты, Мамлекеттик бажы кызматынын үч кызматкери колго түшүрүлгөн. Аларга «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. Бир жылдан ашык мөөнөт чоюлуп келип, акыры чечим чыкты.

Булак: "Де-Факто"


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив