Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Издөө
» » Өзбекстанда кымбат автоунаа ээлери фестиваль маалында бекер иштөөгө мажбурланууда

Өзбекстанда кымбат автоунаа ээлери фестиваль маалында бекер иштөөгө мажбурланууда

07 авг 2019, 16:50    bishkek
Самаркандда кымбат баалуу Malibu-2 жана Captiva үлгүсүндөгү унаа ээлери 23-30-август күндөрү «Шарк тароналари» музыкалык фестивалына келген меймандарды бекер тейлешет. Тиешелүү документке облус башчысы 22-июлда кол койгон.
«Уюмдар менен юридикалык жактарга таандык кымбат унааларды бекер пайдалануу тууралуу» буйрукту аткаруу Самарканд облустук жол коопсуздук башкармалыгына жүктөлгөн. Мекеме башчысы Малибу-2 унааларынын ээлерине жөнөткөн катында алар машиналарын облустук администрацияга 20-августта алып келиши керектиги жазылган.
Жергиликтүү блогер Мирзо Субхоновдун айтымында, облус башчысы кол койгон документте «калкка таандык Malibu-2 жана Captiva унааларын дагы бир жума бекер пайдалануу» каралган. «Фестивалга келген меймандарды тосуп алуу үчүн акча бөлүнгөн. Андыктан адамдар бул ишке мажбурланбашы керек», — деди блогер.
Өлкө президенти быйыл 26-февралда кол койгон жарлыкта «Шарк тароналари» фестивалын өткөрүүгө республикалык бюджеттен жетиштүү акча бөлүнгөнү айтылган.
«Шарк тароналари» деп аталган 12чи музыкалык фестиваль быйыл Самаркандда 26-30-август күндөрү өтөт. Анын ачылышына ЮНЕСКОнун башкы директору Одре Азуленин катышары күтүлүүдө. Мындан тышкары фестивалга дүйнөнүн 78 өлкөсүнөн ырчылар, музыканттар жана ансамблдер келет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив