Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Динара Мусабекова, иликтөөчү, эксперт: “Каршылашуунун келип чыгышынын себеби – жергиликтүү өнүктүрүү программасынын жоктугу”

Динара Мусабекова, иликтөөчү, эксперт: “Каршылашуунун келип чыгышынын себеби – жергиликтүү өнүктүрүү программасынын жоктугу”

05 авг 2019, 18:14    bishkek
Эмнеге Кыргызстанда кен казуучу компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда карама каршылык көп болот?
 
Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы инвесторлор менен жергиликтүү калтын ортосунда каршылык байма-бай пайда болуп турат. Пайдалуу кен байлыктарын казып алууга багытталган компаниялардын ишмердүүлүгүнө ошол аймактын жашоочулары каршы чыгып, токтотууга аракет жасаган окуялар көп. Мындан улам бул жаатта кандайдыр бир чечкиндүү иш аракеттерди жасоого убакыт келип жетти.
 
Бишкекте так ушул маселени чечүүнү максат кылган “Кыргызстанда жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын тынчтык жолу менен алдыга жылдыруу жана жер казынасын пайдалануу тармагында кеңешүү тажрыйбасын жогорулатуу” деген аталышта жергиликтүү коомчулуктун жана тоо-кен компанияларынын катышуусунда 1-бизнес-форум болуп өттү. Ага КР өкмөт аппараты, өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу Мамлекеттик комитети, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер Мамлекеттик агенттиги, эл аралык уюмдардын жергиликтүү коомчулугу жана бейөкмөт уюмдар, эксперттер, өнөктөштөр катышты. Аталган форумдун өткөрүлүшү жана анын максаты тууралуу адистер ой бөлүштү.
 
Динара Мусабекова буларды айтып берди:
 
- Эмнеге Кыргызстанда кен казуучу компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда карама каршылык көп болот? Чыр-чатактардын себептери акыркы жолу 2014-жылы иликтенген. Ал жылы сурамжылоого Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында фокус-топтор түзүлгөн.
 
Жети-Өгүз, Чаткал жана Ала-Букада  кен чыгуучу жайларды иштеткен тарап менен жергиликтүү элдин ортосундагы каршылашуу көп орун алат. Сурамжылоодо эң эле активдүүлүгүн  жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү администрация көрсөттү.
 
Каршылашуунун келип чыгышынын себеби – жергиликтүү өнүктүрүү программасынын жоктугу. Товарлар жергиликтүү базардан эмес, Бишкектен сатылып алынат. Жашоочулар жумушка алууда квота берүү эрежеси бузулаарын да айтып даттанышат. Андан сырткары экологиялык таасир маселеси да бар. Компаниялар айлана-чөйрөгө келтирген таасири тууралуу маалымат беришпейт. Экологдор иш жүргүзүшпөйт. Жайыттардын дегредацияга учурашы боюнча көп арыз түштү. Эл ким келип, ким кетип жатканын түшүнбөй калды. Лицензия алууда “чехарда” пайда болот.

Булак: “Майдан. kg” гезити
      
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив