Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Жайылбек Дадиев, “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын коомчулук менен байланыш Департаментинин директору: “Элге айтылган убаданы сөзсүз аткаруу керек, мындан улам элде ишеним, урматтоо сезими жаралат!”

Жайылбек Дадиев, “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын коомчулук менен байланыш Департаментинин директору: “Элге айтылган убаданы сөзсүз аткаруу керек, мындан улам элде ишеним, урматтоо сезими жаралат!”

05 авг 2019, 17:48    bishkek
Эң башкысы, менин оюмча, эл менен жолугушкандан, кандай көйгөйлөр, курч суроолор болбосун, аларды уккандан, жооп бергенден качпоо керек.
 
Бишкекте  “Кыргызстанда жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын тынчтык жолу менен алдыга жылдыруу жана жер казынасын пайдалануу тармагында кеңешүү тажрыйбасын жогорулатуу” деген аталышта жергиликтүү коомчулуктун жана тоо-кен компанияларынын катышуусунда 1-бизнес-форум болуп өттү. Ага КР өкмөт аппараты, өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу Мамлекеттик комитети, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер Мамлекеттик агенттиги, эл аралык уюмдардын жергиликтүү коомчулугу жана бейөкмөт уюмдар, эксперттер, өнөктөштөр катышты.  
 
Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунун аймагындагы “Бозымчак” жез кенин иштетип жаткан KAZ Minerals Bozymchak компаниясынын коомчулук менен байланыш Департаментинин директору Жайылбек Дадиев катышуучулар үчүн “Бозымчак” долбоорунун бет ачаарын өткөрүп, анда компаниянын жергиликтүү жаматтар менен түзө алган мыкты тажрыйбасы туурасында катышуучуларга кенен маалымат берди. Эскерте кетсек, “КАЗ Минералз Бозымчак” Форумдун ишине жергиликтүү жамааттар менен тыгыз, өз ара өнөктөштүк мамилелерди түзө алган жана бул жаатта үлгүлүү тажрыйба топтой алган компания катары чакырылган.  
Биз Жайылбек Дадиевичтен Бизнес-Форумдун иши туурасында ой бөлүшүп берүүнү өтүнүп кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду:
 
   - Форумдун негизги максаты – бизнес, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү жамааттардын ортосунда туруктуу диалог орнотуу болуп саналат экен. Чынында республиканын аймагындагы кен чыккан жерлерди иштетип жаткан компаниялар менен жергиликтүү калктын ортосундагы чыр-чатактуу жагдайлар, түшүнбөстүктөр күн тартибинен түшпөй келет. Ошондуктан мындай кырдаалды оң жагына өзгөртүүгө багытталган бүгүнкүдөй иш-чаралар эртедир-кечтир өз натыйжасын берет деген ойдомун. International Alert (Интернешнл Алерт) пилоттук долбоору жүргүзгөн сурамжылоодо респонденттер: “кен казган компания биз менен сүйлөшпөйт” жана “кен казган компания биздин сөзүбүздү укпайт”- деген эки көз карашты билдирген. Ал эми чыр-чатактуу жагдайлардын негизги себептери катары төрт нерсе: маалыматтын жетишпестиги, ачык-айкындуулуктун жоктугу, жергиликтүү өндүрүштү колдоонун жоктугу жана түз байланыштын жоктугу айтылган.
 
Аталган көйгөйлөр бизде да болгон. Бирок бүгүнкү күндө биз ушул төрт негизги көйгөйдү толугу менен чече алдык деп ойлойм. Албетте, алар өзүнөн өзү чечиле калган жок. Бул тынымсыз иш-аракет, жаңыча мамилелерди издеп табууну талап кылды. Акыры мындай аракеттер натыйжасын бербей койгон жок. Бул туурасында мен бизнес-форумдун катышуучуларына колуман келишинче жеткиликтүү кылып маалымат бергенге аракет кылдым.
 
Эң башкысы, менин оюмча, эл менен жолугушкандан, кандай көйгөйлөр, курч суроолор болбосун, аларды уккандан, жооп бергенден качпоо керек. Андан тышкары, элге айтылган убаданы сөзсүз аткаруу талап кылынат. Мындан улам элде ишеним, урматтоо сезими жаралат. Буга чейин биздин компания элге берген убадасын аткарбай койгон бир да учур боло элек. Дал ушундай мамиле компанияга карата эл ичинде ишеним жаратууга жардам берди. Социалдык багыт дегеле биздин компаниянын ишмердүүлүгүндөгү эң маанилүү, артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мында социалдык курч маселелердин кеңири чөйрөсү камтылган. Алар жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу, айыл аймактарынын өнүгүүсүнө жардам берүү, социалдык объектилердин ремонту, жаңыларын куруу, жергиликтүү айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо, начар камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан жөндөмдүү улан-кыздарды компаниянын эсебинен жогорку окуу жайларында окутуу, жылына эки жолу эки аймакта тең коомдук угууларды өткөрүп, элдин үнүн угуу жана элге компаниянын иши туурасында ачык-айкын маалымат берүү ж.б. толгон-токой иштер. Учурда эки айыл аймагында компаниянын маалымат борборлору иштеп жатат, андан тышкары, компания жергиликтүү калк үчүн “Бозымчак” гезитин чыгарып, акысыз таратууда. Кенге жакын жайгашкан Көк-Таш жана Көк-Серек айыл аймактарында даталуу күндөр, бир да майрам же коомдук маанидеги башка ири иш-чаралар компаниянын катышуусу жок өтпөйт. Айтор, биздин жергиликтүү калк менен болгон мамилебиз туурасында айта берсек сөз түгөнбөйт.
 
Мындан тышкары, International Alert (Интернешнл Алерт) пилоттук долбоорунун отчетунда да биздин жакын өнөктөш болгон Көк-Таш айыл аймагынын тургундары өз жоопторунда компаниянын тийгизип жаткан оң таасирин белгилеп кеткени кубандырат, - дейт Жайылбек мырза. 

Булак: “Майдан. kg” гезитискачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив